Таластагы турак үйдө газ баллон жарылды. Видео

Жазылуу
Окуянын видеосун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына жиберди.

Жарылуу Талас шаарындагы Шевченко көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Үй ээлери газ баллондорду сатып келген.

"Өрт бүгүн, 6-августта, саат 13:00дөр чамасында чыкты. Мен 10 газ баллондун кантип жарылганын уктум. Алардын баары бир учурда жарылган жок. Улам бири, андан кийин экинчиси жарылып жатты. Ал жактагы 70тей баллонду чыгарганга жетишишти. Жалын эки үйгө да жайылып, үчүнчү үйдүн чатырын жалмады", — деди ал.

Күбө бактыга жараша жаракат алгандар жок экенин маалымдады.

ӨКМдин маалымат кызматы өрт Манас көчөсүндө чыкканын билдирди. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү автоунаа чыгып кеткен. Жалпысынан үч өрт өчүрүүчү машина тартылып, тилсз жоо саат 14:17де толугу менен өчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0