Атамбаевдин үйүндө барымтада жаткан 6 аскердин видео кайрылуусу чыкты

Жазылуу
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары барымтага алган атайын даярдыктагы аскерлерди видеого тартып, алар ал-абалы тууралуу айтып беришкен.

Кадрдан курал-жарагы жана үстүңкү кийимдери жок отурган алты аскерди көрүүгө болот. Алардын колу-башы таңылган, командир деп кайрылып жаткан кызматкердин бети кан болуп турат.

"Биз кыргыз элине ант баргенбиз. Кыргыз элине ар дайым кызмат кылабыз. Ушундай кырдаалда бизден кетсе, элден кечирим сурайбыз!" — деп айткан командир делген киши.

Андан соң абалы кандай экенин сурашканда жакшы экенин айтышкан.

Кечээ ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов барымтага алынган аскерлерди эртең менен коё берүү боюнча сүйлөшүлгөнүн айткан. Азырынча ИИМ алардын бошотулганы туурасында кабар бере элек.

Ошол эле маалда Башкы прокуратура аталган факты 244-берене ("Туткунга алуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынганын билдирди.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Атышуудан кийинки Кой-Таш. Талкаланган имарат, канжалаган аскерлердин сүрөтү
Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын баштап, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 47 киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан. Ал эми Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов оор жаракат алып, учурда ооруканада кома абалында жатат.

Кой-Таштагы окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 264чү («Массалык баш аламандык») жана 266-беренелери («Бейбаштык») боюнча каттоого алынган.

Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн каза таап, жабыркашы боюнча факт Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук" беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0