"Ала-Тоо" аянтында чогулгандарды спецназ күч менен сүрүп чыгарууда. Видео

4084
(жаңыланган 09:58 09.08.2019)
Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармаган. Анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын айтымында, учурда Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына алынып келген.

"Ала-Тоо" аянтында чогулгандарды спецназ күч менен сүрүп чыгарууда. Учурда чогулгандарга карата катуу үн чыгаруучу гранаталар ыргытылууда.

Эске салсак, кечинде "Ала-Тоо" аянтына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогула баштаган. Алар Чүй проспектисин тороп алып, жол жээгиндеги темир тосмолор менен тосуп алышкан.

Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармаган. Анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын айтымында, учурда Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына алынып келген.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.

Жогорку Кеңеш дагы бүгүн чукул жыйынга чогулган.

4084
Белгилер:
митинг, нааразылык акциясы, Ала-Тоо
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (161)
Тема боюнча
Атамбаев ИИМде эмес. Анын кайда экени так белгилүү болду
Атамбаевди багынып берүүгө көндүргөн Курсан Асанов. Сүйлөшүүнүн видеосу
Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына чогулууда. Сүрөт, видео