Атамбаевди кармоо учурунда көз жумган жоокер акыркы сапарга узады. Видео

Жазылуу
Бишкектеги №7 кичирайондо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда ок жеп каза тапкан атайын даярдыктагы аскер Үсөнбек Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп жатат.

Үсөнбек Ниязбеков УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болгон. Кадрлардан көрүнүп тургандай, тажыя көп кабаттуу үйдүн алдында өтүп жатат. Боз үй жана чатырлар тигилген. Жай тургундар менен форма кийген адамдар турат.

Сотрудники правоохранительных органов в селе Кой-Таш во время спецопрации по задержанию бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Тосулган жол, жайылган өрт... Атамбаевди кармаганга чейин Кой-Таштагы абал сүрөттө
УКМКнын маалыматы боюнча, Ниязбеков 1972-жылы Ош облусунун Бел-Өрүк айылында туулган. Азыркы кызматына ушул жылдын февраль айында дайындалган. Иштеги жетишкендиктери үчүн "Эрдик" төш белгиси жана бир нече сыйлыктар менен сыйланган. Сентябрь айында ага полковник наамын берүү пландалып жаткан. Аркасында төрт баласы калды.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 98 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон. Тагыраагы, жогоруда айтылып жаткан Үсөнбек Ниязбеков жан берген.

Атамбаевди эртеси, 8-августта, милиция Кой-Таштагы үйүнөн кармаган. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына калтырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0