Финалга чыккан Шаршенбеков менен Жолчубеков күрөшпөй койду. Тбилисидеги видео

Жазылуу
Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандары Каныбек Жолчубеков менен Жоламан Шаршенбеков мелдештерде бир салмакта — 55 же 60 килограммда күч сынашып келет.

Балбан Каныбек Жолчубеков Тбилиси (Грузия) шаарында өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү аталды. Беттештин видеосу YouTube каналына жүктөлдү.

Кечээ, 9-августта, Тбилисиде мелдештин финалдык бөлүгү өтүп, анда 60 килограмм салмакта кыргызстандык балбандар Каныбек Жолчубеков менен Жоламан Шаршенбеков күч сынашмак.

Обладательница серебряной медали среди юниоров по женской борьбе Калмира Билимбек кызы  - Sputnik Кыргызстан
Бали! Кыргызстандык балбан Калмира дүйнө чемпионатынан күмүш алды. Видеолору
Бирок видеодон көрүнүп тургандай, Шаршенбеков килемге чыгып калыска күрөшпөй тургандыгын билдирген. Ал Жолчубеков менен кол алышып, жеңишти ыйгарган.

Эске сала кетсек, балбандар буга чейин Бишкекте өткөн Раатбек Санатбаев атындагы эл аралык турнирде кармашып, анда Жоламан Шаршенбеков жеңилип калган.

30 жаштагы Каныбек Жолчубеков тажрыйбалуу спортчулардын бири. Ал грек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш медаль ээси. Ошондой эле бир канча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү аталган.

20 жаштагы Жоламан Шаршенбеков тарыхта чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган экинчи кыргыз балбаны. Биринчи жолу 2006-жылы Канатбек Бегалиев экинчи орунга ээ болгон. Жаштар арасындагы дүйнө жана Азия чемпионаттарынан бир катар байгелерди алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0