Бишкектин четинде союлган малдын каны дарыяга куюлууда. Видео

Жазылуу
Күбө мал базардын жанында аккан кан аралаш сууну видеого тартып алган. Жергиликтүү тургундар өз саламаттыгы үчүн кооптонушууда.

Видео Жаш Гвардия көчөсүндө жайгашкан "Жантай" мал базарында 12-августта тартылган.

"Базардын ичинде мал сойгон жай жайгашкан. Ошол жерден бүт баары агып түшүүдө. Базардын артынан кан аралаш аккан сууну көрүүгө болот, ал жерде келемиштер да бар. Менимче, Курман айтта көп мал союлуп, калдыктарын дарыяга агызып жиберишкен", — деди күбө.

Жергиликтүү тургундар мамлекеттик органдардын тиешелүү чара көрүүсүн суранууда. Анткени алар өз саламаттыгы үчүн кооптонушууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0