Норвегияда дайверлер үлпөт тоюн суу алдында өткөрүштү. Видео

Жазылуу
Норвегиялык Ина Трэльнис жана финляндиялык Яни Сантала никесин 32 метр тереңдиктеги суу алдынан каттатышты.

Дайверлер Ина Трэльнис менен Яни Сантала Норвегиядагы суу алдында калган үңкүрдө үйлөнүштү. Бул үчүн алар 32 метр тереңдикке түшүп, Плюра деп аталган үңкүрдүн коридорлору менен жарым чакырымдай сүзүп барышкан. Келинчек үлпөт көйнөгүнүн фатасын гана тагынган.

Салтанатка жаш жубайлар 70ке чукул дайвер досторун чакырышкан. Тойго кесипкөй видеографтар да барып, коноктор үңкүргө карай жолду түз эфирде трансляция кылып турушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0