УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура Атамбаевдин кармалышы тууралуу. Видео

1102
(жаңыланган 12:21 13.08.2019)
Аталган мекемелердин башчылары маалымат жыйын берүүдө.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы тууралуу айтып беришүүдө.

Белгилей кетсек, 7-августта атайын кызматтын аскерлери Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок андан майнап чыккан эмес. Ок атылып, натыйжада атайын даярдыктагы бир аскер каза болгон. 8-августта болсо күч түзүмдөрү мурдагы президенттин үйүнө кирип келип, аны кармап алып кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндөгү чыр-чатактан 136 киши ар кандай жаракаттарды алган.

1102
Белгилер:
маалымат жыйын, Алмазбек Атамбаев, Орозбек Опумбаев, Өткүрбек Жамшитов, Кашкар Жунушалиев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (32)
Тема боюнча
Фарид Ниязов эки айга камакка алынды
Кой-Таштагы окуя: камакка алынгандар менен суракка чакырылгандардын тизмеси