Буга чейин социалдык тармакта жана айрым ЖМКларда Атамбаевдин үйүнүн алдында чогулган адамдар Курманкуловду башка балка менен урган деген видео жарыяланган. Жунушалиев бул маалыматты төгүндөп, ал үйдүн сыртында жүргөндө таш тийгенин айтты.
"Укук коргоо органдарынын кызматкерлери барымтага алынган учурда, аларга жардамга баратканда үйдүн ичинен таш ыргып, Самат Ажыгуловичтин башына тийген. Белгилей кетсем, алар эч коопсуздук каражаты жок бараткан формачан кызматкерлерге таш ыргытышкан. Бүгүнкү күндө тергөө жүрүп жатат, анын алкагында таш ыргыткан кишини аныктап, кармайбыз", — деди Жунушалиев.
Ал эми бир милиционер төрт аялды ур-тепкиге алганы боюнча жооп берүүдөн баш тартып кетип калды. Бул суроого ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов жооп берип, ички иликтөө жүрүп жатканын айтты.
"Бизге бардыгы белгилүү. Аны тез эле тактап койсок болот. Териштирүү учурунда милиция кызматкерлеринин аракеттерине баа берилип, кимиси аша чаап, ким кемчилик кетиргени аныкталат", — деди Сеитов.
Бегилей кетсек, социалдык тармакта Кой-Таштагы окуя учурунда жолдун жээгинде турган аялдарды милиционерлер сабап жаткан видео тараган. Анда бир эле милиционер төрт аялга кол көтөрүп, бутка тээп жыгытканы байкалат. Мындан улам милиция кызматкерлери өз укуктарынан аша чаап кетти деген пикирлер айтылган.
Ийгиликти тестирлөө да, социалдык аралык да, вакцинация да камсыздап жатат. Эмдөөсүз жамааттык иммунитетке жетишүү мүмкүнбү? "Спутник V" препаратынын жеңилдетилген версиясы качан даяр болот? COVID-19дан түп-орду менен кутула алабызбы? Суроолорго жоопту биздин видеодон ала аласыз.
Кыргызстанга акциздик белгиси жок 500 миң таңгактан ашык тамеки ташылып келгенин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
"Ирандан тамеки өнүмдөрүн Кыргызстандын жараны А.Н. деген адамдын аты менен алып келишкен. Бул жаран эч кандай экономикалык ишмердүүлүк менен алектенбейт, салык органдарында каттоодон өткөн эмес. Аткезчилик жол менен алып келинген тамекинин саны 500 миң таңгактан ашат", — деп айтылат маалыматта.
Финансы полициясынын алдын ала эсептөөсү боюнча, ташып келинген чылымдын акциздик салыгы 20,7 миллион сомду түзмөк.
Чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн ЭККККнын тергөө башкармалыгына өткөрүлгөн.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Кол коюлган документтер: