Аэропортто кокусунан пайда болгон учак үрөй учурду. Лондондогу видео

9122
Кайдан-жайдан пайда болгон учак бат эле аэропортко конгон.

Бул видеону аз убакыттын ичинде эле 700 миң адам көргөн.

Sputnik Молдова агенттигинин маалыматына ылайык, өзгөчө окуя Лондондун Гатвик аэропортунда катталган. Коюу туман түшүп турганы байкалат. Аэропорттун учуп-конуучу тилкесинде бир топ учак турат. Бир убакта тумандан калдайып чоң учак чыгып, так тилкенин түбүнө келип конгон.

Үрөй учурган Emirates авиакомпаниясынын Airbus A380 учагы дүйнө жүзүндөгү эң чоң лайнер деп эсептелет. Ошол себептен дагы анын күтүүсүздөн пайда болушу интернет колдонуучуларын чочутса керек.

9122
Белгилер:
Лондон, учак, видео
Тема боюнча
Катуу шамалдан калдаңдаган учак көпчүлүктүн жүрөгүн түшүрдү. Видео
Учак киши жашаган үйгө кулады. АКШдагы кырсыктын видеосу