Шойгунун учагына жакындаган НАТО истребителин Су-27 кууп ийди. Видео

4491
(жаңыланган 11:13 14.08.2019)
Россиянын Коргоо министрлиги НАТОнун истребители министр Сергей Шойгунун учагынын жанына жакындап келген видеону жарыялады.

Видео министр бараткан борттун ичинен тартылган. Андан 12-26 номерлүү F-18 истребители самолеттун жанына өтө жакын келүүгө аракет кылганын көрүүгө болот.

Бир нече секундадан кийин НАТОнун истребители багытын өзгөртүп алыстап кеткен. Видеодон Россиянын Су-27 учагы истребителди ары көздөй кууп жиберип, Шойгунун самолетунун канатынын асты менен учуп баратканы көрүнгөн.

Окуя 13-августта Балтика деңизинин нейтралдуу абасында болгон. Шойгу Калининграддан Москвага кайтып келе жаткан, анын аба кемесин эки Су-27 учагы коштоп баратканы айтылды.

4491
Белгилер:
учак, Россия, Коргоо министрлиги, истребитель, Сергей Шойгу
Тема боюнча
Шуулдайт! Су-27нин америкалык учакты кууп жетип, кайтарып жиберген видеосу
Абадагы айкаш: капыстан келген Су-27 НАТО учагын оолактоого аргасыз кылды

Кош болуңуз, Михаил Степанович! Sputnik Кыргызстандын эскерүү видеосу

161
Sputnik Кыргызстандын азыр кабыргасы кайышып турган учуру. Себеби агенттик ачылгандан тарта иштеп келе жаткан Михаил Степанович Рогожин — биздин техникалык директор көз жумду.

Бул кабар баарыбызды селт эттирди, көптөр дагы деле ишенбей турат. Ал эми гана 51 жаштын тамагын иче баштаган. Ар дайым сергек, тамашакөй жана сабырдуу эле. Анын эми бул дүйнөдө жок экендигине ишенбей да кетесиң.

Михаил Степанович кечээ түнү үзүлдү. Эки өпкөсү пневмония болуп, Тез жардам менен ооруканага түшүп, бирок медицинанын алы жетпей калды...

Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин коомдук ишин таштаган жок. Facebook тармагынын Кыргызстан сегментинде "Черный список" тобун негиздеген. Июлдун башында белгисиз бирөөлөр талкалап кеткен баракчаны кайра жандандырууга аракет кылып жаткан.

Ал сураган нерсеңди айтып бере койгон, жардамын аябаган адам болчу.

Михаил Рогожин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенди. 1990-жылдын орто ченинде Бишкектеги телерадиокомпаниялардын биринде шеф-редактор болгон. Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасында студенттерге сабак берген.

Ошондой эле ыр жана прозаларды жазып жүрчү. Сүрөт тартуу менен да алектенчү.

Михаил Степанович кесиптештеринин эсинде чечкиндүү жана адилеттүү жетекчи, кандай маселе болбосун акылга салып чечүү жолун билген адам катары калат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунун жамааты Михаил Рогожиндин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аза кайгысын тең бөлүшөт. Биз үчүн оор жоготуу болду.

161
Белгилер:
Sputnik Кыргызстан, Сүрөт, пневмония, оору, эскерүү, Кыргызстан
Тема боюнча
Аялдын сырттаны эле... Бүбүкан Досалиевага жазылган некролог
Sputnik Кыргызстандын техникалык директору Михаил Рогожин дүйнө салды

Чалкасынан кетти. Ханзаада менен сүйлөшүп турган кишинин жыгылган видеосу

678
(жаңыланган 08:31 13.07.2020)
Улуу Британиядагы супермаркеттердин биринде иштеген күзөт кызматынын өкүлү ханзаада Чарльз менен сүйлөшүп жатып, чалкасынан жыгылды.

The Independent гезити бул окуя Бристол шаарында болгондугун жазды. Ханзаада Чарльз менен Камилла Паркер-Боулз Asda ири дүкөнүнүн коронавирус пандемиясы учурда тыным албай иштеген кызматкерлерине ыраазылык билдирүү үчүн келген.

Кызматкер колун аркасына алып, Чарльз менен сүйлөшүп туруп, бир учурда теңселип барып, чалкасынан кеткен.

Жанындагылар ага жардамдашууга ашыкканы менен аны кармаганга үлгүрбүй калышкан.

Анткен менен киши көп өтпөй эсине келип, аны кызматкерлер эки карысынан жөлөп ары жакка жетелеп кеткен.

71 жаштагы ханзаада Чарльз коронавирустан айыкты

Бир нече убакыттан кийин анын кайрадан Чарльз менен сүйлөшүп турганын көрүүгө болот.

Маалыматта бул иш-чара чатырдын алдында өткөндүгүн, анын катышуучулары баары бир аралыкты сактап, бири-биринен оолак тургандыгын көрүүгө болот.

Кызматкердин эмнеге жыгылган себебин гезит жазган эмес.

678
Белгилер:
дүкөн, кызматкер, Чарльз Коган, ханзаада
Тема боюнча
Тыңчы, волонтёр... Ханзаада Уильямдын жашыруун иштеген кызматтары
Талас шаарында Манас ордо. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:06 13.07.2020)
14-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. 14-июль, шейшемби күнү, өлкөнүн тоолуу райондорунда жана Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Кайра жаан жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Талас аймагында +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +22...+27 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +34...+36 жана Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жогорулайт.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
COVID таасири: метеорологдор беш жылда климат кандай өзгөрөрүн айтышты