Токмоктун прокурорунун жардамчысы 3000 доллар пара менен кармалган видео

Жазылуу
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Токмок шаарынын прокурорунун улук жардамчысын пара алып жаткан жеринен кармады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ал ири ишканада иштеген кытайлык кишиден пара опузалап жатканы боюнча УКМКнын тергөө кызматына 13-августта арыз түшкөн. Бул боюнча Жазык кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иш ачылган.

"Прокурордун К.Т. аттуу улук жардамчысы Токмоктогу ири өнөр жай ишканасынын кызматкери М.Т. менен жең ичинен сүйлөшүп, 15 миң доллар талап кылган. Болбосо А.К. аттуу аялдын (арыз жазган адам) Кытай жарандыгы бар күйөөсүн кылмыш жоопкерчилигине тартарын айтып коркуткан. Ал жубайлардын Кыргызстанга кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз алып киргенин бетине кармаган. Эгер пара бербесе материалдарды тергөө органдарына берип, чет элдик жаранды депортациялай турганын айткан", — деп айтылат маалыматта.

 Заместитель министра внутренних дел Курсан Асанов  - Sputnik Кыргызстан
Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевден акча алып жатат деген видео боюнча үн катты
Кечээ, 14-августта, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте К.Т. макулдашылган паранын 3000 долларын алып жаткан жеринен колго түшүргөн. Ага кошо ортомчулук кылган ишкананын кызматкери М.Т. да кармалган.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0