Ош: тойдо машинаны чимирилте айдаган кишиге айып салынды

Жазылуу
Видеодон машинасын жаш жубайлардын алдында чаңызгытып чимирилте айдаган кишини көрүүгө болот.

16-августта Ош шаарынын борбордук аянтында автоунаасы менен жол эрежесинин тартибин бузган айдоочуга 7500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу калаанын мэриясы билдирди.

"Эки жаштын тоюн видеодо "көркүнө" чыгарам деп, адам өмүрүнө коркунуч жаратпайлы!" — деп мэрия айдоочуларга эскертүү берди.

Муниципалитеттин Facebook баракчасына окуянын видеосу жарыяланды. Анда машинасын жаш жубайлардын алдында чаңызгытып чимирилте айдаган кишини көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0