Израиль премьеринин жубайы Киевде сунган нанды жерге таштап салды. Видео

Жазылуу
Израилдин премьер-министринин жубайы Сара Нетаньяху Киевге келгенде, аэропорттон каравай (нан, туз) ооз тийүүнүн ордуна аны жерге таштап салган.

Окуя 19-августта Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Украинага расмий сапар менен келген учурда болгонун РИА Новости билдирди.

Интернетке тараган видеодон улуттук кийимчен кыздар чет элдик коноктор Украинанын борборуна келип учактан түшөрү менен нан, туз сунушкан. Премьер Нетаньяху салтты билгендиктен каравайдан бир үзүм алып тузга малып ооз тийген. Андан соң жубайына да нандын бир үзүмүн бергенде ал жерге таштап салган.

Социалдык тармактын колдонуучулары муну терс кабыл алып, кескин сынга алышты.

"Бул украиналыктарды эле эмес, жалпы славян элин сыйлабагандык", — деп жазган Art Nord.

"Мал сыяктуу кадам жасады. Андан көрө диета кармап жатканын айтып жөн эле баш тартып койсо болмок", — деп жазган Александр Безенчук.

Жаңылыктар түрмөгү
0