Жалындаган өрттөн улам Beko техникалары күйүп жатат. Асмандан тартылган видео

Жазылуу
Соңку маалыматтар боюнча, сегиз өрт өчүрүүчү бригада тилсиз жоо менен күрөшүүдө. Иске ууланган эки адамды оор абалда Тез жардам алып кетти.

Sputnik Кыргызстан жалынды чектөө аракети кандай жүрүп жатканын асмандан тартып алды.

Бишкектеги Beko компаниясынын тиричилик техникасы сакталган кампадан бүгүн, 21-августта, саат 11.23төр чамасында өрт чыккан. Кампа Москва жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Азыркы тапта өрт чектөөгө алына элек.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ыкчам маалыматтарды алып, тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0