Бишкекте дүкөндү тоноо аракети болду. Күлкү келтирген видео

12602
(жаңыланган 17:34 21.08.2019)
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы калаадагы дүкөндөрдүн бирин тоноого аракет кылган уурулардын видеосун Facebook баракчасына жарыялады.

ШИИБдин маалыматына ылайык, бет кап кийген куралчан уурулар дүкөндү тоноого аракет кылышкан. Алар сатуучуга келип акча талап этишкен. Бирок аял "эч нерсе бере албайм" десе, "макул" деген бойдон кетип калышкан.

Видеодон шектүүлөрдүн бири дүкөнгө кирип, бир саамдан кийин кайра эле чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Кылмышка шектелип 20 жаштагы эки жигит колго түшүрүлдү. Алар соттун чечими менен эки айга камалганы маалым болду.

12602
Белгилер:
уурулук, дүкөн, видео, ШИИБ, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүкөнгө куралчан кирген ууруну сатуучу швабра менен кууп чыкты. Видео

Жарылуу болгон Бейруттан көрсөтүлгөн түз эфир

645
(жаңыланган 19:29 05.08.2020)
Ливандын борбору Бейрутта кечээки жарылуудан бери адамдарды издөө жана куткаруу иштери уланууда. Соңку маалыматтарга ылайык, жарылуудан каза болгондордун саны 70тен ашты.

Катуу жарылуу шейшемби күнү кечинде Бейруттагы порттун аймагында катталган.

Шаардагы имараттар жабыркаган, жаракат алгандардын көптүгүнөн улам ооруканалар толуп кеткен. Төрт миңден ашуун киши жарадар болду.

Үрөй учурган жарылуу болгон жерден алынган 14 сүрөт. Бейруттагы трагедия

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, төрт миңден ашык адам түрдүү жаракаттарды алышкан. Жарылуунун эпкини окуя болгон жерден бир канча чакырым радиус аралыктагы үйлөрдүн терезелерин да талкалаган. Иорданиянын сейсмологиялык обсерваториясы Бейруттагы жарылуу 4,5 баллдык жер силкинүүгө барабар болгонун аныктаган.

645
Белгилер:
өлүм, кырсык, жарадар, куткаруу, жарылуу, Бейрут, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Күнөөлүүнү таап чыгам! Ливандын премьери Бейруттагы жарылуу боюнча үн катты
Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты

Жүрөктү титиретет! Бейруттагы  катуу жарылуунун видеосу 

14409
(жаңыланган 23:07 04.08.2020)
Кызыл крест коомунан билдиргендей, сынган айнектерден жараат алгандар көп. Үйлөр талкалангандыктан, адамдар уранды алдында калышы мүмкүн.

Ливандын борбору аталган Бейрут шаарындагы порттун жанында катуу жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

RT каналы ал жактан орус тилинде түз алып берүүдө.

Видеодон көрүнүп тургандай, алгач кичирээк жарылуу болгон. Андан кийин беш мүнөткө жетпей кара, ак түтүн асманды каптап, кийин кызыл түтүн чыккан.

Маалым болгондой, жарылуу бир топ үйдү талкалаган. РИА Новостиге Кызыл крест коомунун кызматкери билдиргендей, адамдар уранды алдында калышы мүмкүн.

14409
Белгилер:
түтүн, үй, видео, жарылуу, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Жалын чачырап! Ош шаарындагы кафенин өрттөнүп жаткан видеосу
Аэрофлот авиакомпаниянын Airbus A320  учагы. Архив

"Аэрофлот" бир нече шаарга августтагы каттамдарын токтотту. Ичинде Бишкек да бар

8
(жаңыланган 13:47 06.08.2020)
Буга чейин КРдин Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Россия Кыргызстанга 15-августтан 30-августка чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап жатканын айткан.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясы буга чейин пландалып, билеттер сатылып кеткен август айындагы бардык каттамдарын токтотту. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Компания учууларды кайра токтоткон шаарлардын тизмесинен Бишкекти дагы көрүүгө болот.

"Аэрофлот" дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен август айына пландалган каттамдарын токтотуп турууга мажбур болду", — деп айтылат компаниянын түшүндүрмөсүндө.

Буга чейин Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Россия Кыргызстанга 15-августтан 30-августка чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап жатканын айткан.

Кыргызстан жакында үч өлкө менен аба каттамын жандантууну пландап жатат

Эске салсак, Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинен Кыргызстанда Россия менен аба каттамдарынын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Чек ара жабылгандан кийин миңдеген адамдар сыртта калып, учурда алардын көбү үйүнө кайтууну көздөп турушат.

8
Белгилер:
пандемия, миграция, учак, каттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп