Укмуш! Россиялык учкучтардын асмандагы чеберчилиги видеодо

Жазылуу
"Пропеллер" деп аталган бул фигураны аткаруу үчүн учкуч ишинин чыныгы чебери болушу зарыл.

Россиялык учкучтар асманда ойкуп-кайкып, көз жоосун алган укмуштуу фигураларды көрсөттү. Машыгуу маалындагы видеону "Звезда" телеканалы жарыялады. (видеосу дагы ушул жерде)

"Алгачкы учуу" деп аталган учкучтар тобунун жетекчиси Дмитрий Самохваловдун айтымында, "пропеллер" деп аталган фигураны асманда көрсөтүп берүү техникалык жактан өтө татаал.

"Учактар бири-бирине өтө жакын жүрүп, окшош кыймылдарды жасайт. Жердегилерге пропеллерден калган из сыяктуу фигура көрүнөт", — деди Самохвалов.

Учкучтардын өнөрү көрсөтүлгөн «МАКС-2019» иш-чарасы Подмосковьеде 27-августтан 1-сентябрга чейин өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0