Бишкектеги кампанын өрттөн кийинки видеосу

Жазылуу
Бишкектин батыш тарабында жайгашкан кампадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 21-август күнү, саат 11.21де Москва менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тиричилик техникалары сакталган кампадан өрт чыккан. Анын кесепетинен 31 жана 32 жаштагы эки эркек киши ууланып, №4 ооруканага жеткирилген.

Жалынды өчүрүүгө жалпы жонунан сегиз унаа тартылган. Натыйжада өрт саат 15.04тө чектөөгө алынган. Ал эми бүгүн, 22-августта, саат 12.05те өрт толугу менен өчүрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0