Бишкекте эки унаа кагышып, айдоочу кыз жаракат алды. Видео

425
Борбор калаада Toyota Surf жолтандабасы менен Toyota Yaris үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан (ЖКККБ) билдиришти.

Кырсык 23-августта, саат 20.50лөр чамасында Садырбаев менен Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстанга WhatsApp-каналы аркылуу видео жиберди.

Анын айтымында, жеңил унаа Садырбаев көчөсү менен түштүктөн түндүк тарапты көздөй баратканда жолтандабас Алтымышев көчөсүнөн катуу ылдамдыкта чыгып, капталына сүзгөн.

ЖКККБнын маалымат кызматы жол кырсыгы боюнча күбөнүн айткандарын тастыктады.

Toyota Yaris машинасынын айдоочусу, 21 жаштагы кыздын денеси көгөрүп, сыйрылып, ооруканага кайрылган. Ошондой эле күбө Toyota Surf унаасынын айдоочусу мас абалда болгонун белгиледи. Бул жагдай боюнча милиция тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Автоинспекторлор чогулган материалдарды Бишкек шаардык милициянын тергөө кызматына өткөрүп берген. Автоунаалар айып короого киргизилди.

425
Белгилер:
оорукана, кырсык, милиция, автоунаа, жол кырсыгы, Бишкек
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (217)
Тема боюнча
Бишкекте жөө адамдар өтүүчү чийинден автоунаа 9 жаштагы баланы сүзүп кетти