"Сүтак" менен эл оозуна алынган Мирлан Абдыкалыков жаңы тасма тартты

Жазылуу
Режиссердун алгачкы "Сүтак" тасмасы бир топ эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү болгон.

Кинорежиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасынын улуттук премьерасы 17-октябрда болот. Бул туурасында кинонун продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Эскерте кетсек, Абдыкалыковдун тырмак алды иши, "Сүтак" тасмасы "Ника" киносыйлыгы башында турган бир топ эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү болгон.

Режиссер жаңы тасмада үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн Жекшен аттуу өспүрүмдүн баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.

Актер Акылбек Абдыкалыков Түнкү кырсык тасмасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Актер Абдыкалыков: бир тууганым Актан Арым Кубат экөөбүз кинодо акыл үйрөтүшпөйбүз
Кадимки айыл турмушунда Жекшен оор сыноолорду башынан кечирип, чоңдордун маселесин өзү чечүүгө мажбур болот. Ошол эле учурда балалык сезимдерден да кур калбайт. Табиятынан күлүк бала мектептеги жарыштарга, тушоо тойлорго катышып атаандаштарын артта калтырат. Кинокартинада адамдык мамиле, достук, ынактык жана сүйүү темасы чагылдырылат.

"Жөө күлүк" тасмасы "Ой Арт", "Кыргызфильм" киностудиялары жана "Билимкана" мектеби тарабынан Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылды.

Тасманын сценарийин Мирлан Абдыкалыков жана Эрнест Абдыжапаров жазган, коюучу оператору Талант Акынбеков, сүрөтчүсү Адис Сейталиев, продюсерлер Алтынай Койчуманова, Айбек Жангазиев экени айтылат.

Ал эми фильмде Темирлан Асанкадыров, Руслан Орозакунов, Мээрим Атантаева, Илимбек Калмуратов, Улан Өмүралиев, Айнура Качкынбек кызы жана Жеңиш Кангелдиевдер роль жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0