Бутун сүйрөп арамзаланган. Кайыр сураган ит интернет жылдызына айланды. Видео

Жазылуу
Иттин аты Гае, ал жолдон адамдар же унаалар өтсө эле арткы бутун сүйрөп басып калат.

Бангкоктун көчөлөрүндө жашаган ит элдин көңүлүн буруп тамак сураш үчүн жарадар болгондой түр көрсөтүп, бутун сүйрөп басканды үйрөнүп алган. Бул тууралуу AOL News порталы жазды.

Маалыматка караганда, иттин аты Гае, ал жолдон адамдар же унаалар өтсө эле арткы бутун сүйрөп басып калат. Эгер жанына бирөө келсе тура калып, куйругун шыйпаңдата ары-бери чуркайт.

Жергиликтүү Тавипорн аттуу аялдын айтымында, ит анын жумушунун жанында бир нече жылдан бери жашап келет.

"Бул итке күрүч берип багып турам. Бирок болбой эле кайыр сурай берет", — деди ал.

Ролик социалдык тармакка тез тарап, интернет колдонуучулар иттин мындай кылыгына таңыркап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0