"Жасур ака, 141ге чалсаңыз". Оштун вице-мэри менен инспекторлордун жоругу видеодо

3353
Мас абалында унаа айдаган Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовду автоинспекторлор токтоткон учурдун видеосу жарыяланды. Алар вице-мэрди Наркология борборуна алып барып текшерткен. Андан соң ал жөө кеткен.

Кадрдан Жасур Азимов мас экенин моюндап, автоинспекторлорго Ташкенттен коноктору келгенин айтып, коё беришин суранганын көрүүгө болот. Аны видеого тартып жаткан адамга карап, "камераңды өчүр" деп сөгүнгөн.

Мындан улам аткаминерди Наркология борборуна алып барышкан. Андан кийин такси чакырып өз алдынча кетишин сунушташкан, бирок ал жанында жүргөн аял менен чогуу жөө кеткен. Артынан унаасы менен барган инспекторлор "Жасур ака, 141ге чалсаңыз такси келет же 144кө чаласызбы?" деп кыйкырып өткөн.

Ош шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы вице-мэрге 17 500 сом айып пул салынганын билдирди. Ошондой эле ага айдоочу катары протокол толтурулуп, ага өзүнүн кол койгону айтылат.

Окуя 25-августка караган түнү саат 1.30дар чамаларында болгон.

Ал эми Азимов "автоинспекторлор мени мазактады" деп ызаланууда. Ошол эле учурда ал мас абалында рулга отурбаганын айтып, унаасын айдоочулук күбөлүгү жок адамга айдатканын ачыктаган.

3353
Белгилер:
инспектор, Жасур Азимов, вице-мэр, Ош
Тема боюнча
Милиция: Оштун вице-мэри шаардын чок ортосунда мас абалында унаа айдап бараткан
"Коногумду коргогом". Мас болуп унаа башкарды делген Оштун вице-мэри үн катты