Аялын өөп келгиче кырдаал өзгөрүп... Футболчунун шаабайы сууган видео

Жазылуу
Болгарияда "Лудогорец" менен "Славия" командаларынын ортосунда көптөрдү кубандырып, бирок кайра көңүлүн чөгөргөн окуя болду. Окуянын видеосун RT телеканалы жарыялады. 

Американская модель Кинси Волански на футбольном поле во время финала Лиги чемпионов сезона 2018/2019 между английскими клубами Тоттенхэм и Ливерпуль - Sputnik Кыргызстан
Жарым жылаңач кыз оюн талаага чуркап чыгып, футбол токтоду. Видео
"Лудогорецтин" футболчусу Вандерсон Кристалдо экинчи таймда атаандаштарын жер муштатып гол киргизип, андан соң көрүүчүлөрдүн арасында отурган аялына кубанган тейде жүгүрүп кеткен. Ал арада кырдаал башкача өзгөрүп, калыс голду жокко чыгарып ийген. Беттеш ошентип бразилиялык спортчусуз уланган.

Оюн талаасына жеңиштин деми менен бир нече ирмемдерден кийин кайтып келген футболчу атаандашы топту эмнеге көк майсаңдын ортосунан баштабай жаткандыгын түшүнбөй калган. Ал арбитрдин демди сууткан чечими туурасында командалаштарынан билген.

Кийинчерээк гол эмне болгон күндө да эреже менен киргени аныкталган, бирок эсеп 0:0 менен аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0