Италиянын туристтер эс алып жүргөн аралында жанар тоо атылды. Видео

3326
(жаңыланган 13:43 30.08.2019)
Бул жанар тоо 20 миң жылдан бери маал-маалы менен атылып келет.

Стромболи жанар тоосу 29-августта кечке жуук атылды. Ал Тиррен деңизиндеги Стромболи аралында жайгашкан.

Жанар тоо 28-августта кыймылга келип, бир күндөн кийин жарылган. Аны жергиликтүү тургундар менен туристтер видеого тартып алышкан. Алардын айтымында, асманды кара түтүн каптап, кум-шагылдар асманга атылган.

Жаратылыш кубулушунан жаракат алгандар же жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Абал тийиштүү кызматтардын көзөмөлүндө. Учурда Стромболи аралында үч миңдей турист эс алып жүрөт.

3326
Белгилер:
турист, видео, жанар тоо, Италия
Тема боюнча
Оюлган трасса, жарактан чыккан имараттар. Аляскадагы зилзаладан кийинки видео
Апта ирмеми: "Үрөй учурган түндөн" тарта океанда атылган жанар тоого чейин