"Кант" авиабазасынын жоокерлери кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасады

Жазылуу
Жоокерлер 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо жаздырышкан.

ЖККУнун "Кант" авиабазасынын жоокерлери кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Авиабазанын жетекчиси Денис Сафонов учкучтар, Россиянын Коргоо министрлигинин №2 мектебинин директору жана "Новое поколение" отрядынын мүчөлөрү менен видео куттуктоо жаздырган.

"Өзүмдүн жана авиабазанын атынан өлкөнүн башкы майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм", — деди Сафонов.

Ошондой эле авиабазанын кызматкерлери кыргызстандыктарга ден соолук, бейпилдик жана тынчтык каалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0