Жээнбековдун кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктаган видеосу

155
(жаңыланган 13:40 31.08.2019)
Борбордук "Ала-Тоо" аянтына миңдеген эл чогулуп, Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына арналган майрамдык концертке катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

"Жыйырма сегиз жыл мурда колго тийген Көз карандысыздык — Жараткандын буйругу менен азыркы муундун энчисине, биздин заманга туш келди. Ошондуктан бүгүнкү эгемендик — биздин гана энчибиз эмес. Бул — ата-бабалардын кылымдар бою төгүлгөн канынын, энелердин жүз жылдар бою тамган көз жашынын баасы. Түмөн муундардын тынбаган күрөшүнүн натыйжасы. Бабалардын бизге калтырган аманаты, биз урпактарга жеткире турган милдет", — деди ал.

Мамлекет башчы андан сырткары мындан ары элдин турмушун оңдогон, аларга кам көргөн иштерди илгерилетип, социалдык абалды оңдоого көңүл буруларына токтолду.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
155
Белгилер:
Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, куттуктоо, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Өнөктөштүк жөнгө салынган. Путин кыргызстандыктарды жана Жээнбековду куттуктады
Сооронбай Жээнбеков саясат менен азыраак алектенүүгө чакырды