Даракты кучактап кашынып, жонун тырматкан аюунун видеосу

Жазылуу
Канаданын Британ Колумбиясы провинциясында даракты кучактап алып кашынып жаткан аюуну видеого тартып алышкан.

Daily Mail басылмасынын жазышынча, жаныбар жакын жерде жүргөн кишилерди этибар алган эмес.

Адискөй фотограф Рассел Милнер тарткан кадрдан кичинекей аюунун даракты кучактап кашынып, кайра жону менен сүйөнүп жатканын көрүүгө болот.

"Муну менен ал аябай мемиреп калды. Жаш аюу атасынан да жакшы бийлейт экен", — деди ал.

Милнердин айтымында, аюулар эркектери менен сүйлөшүү жана жаңжалдан оолак болуу үчүн ушундай ыкманы колдонушат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0