Жаалданган бука тосмолордон секирип өтүп, элди аралап кетти. Видео

573
(жаңыланган 13:02 03.09.2019)
Натыйжада 19 киши жабыркаган.

Окуя 1-сентябрда Испаниянын Жирона провинциясында коррида майрамы учурунда болгон. Видео белгилүү Viral Press YouTube каналында жарыяланган.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, бука курчалган эки тосмодон секирип өтүп, эл отурган трибунаны аралап кеткен. Жүрөгү түшкөн көрүүчүлөр кыйкырып, ар тарапка качышкан. 

Натыйжада кырсыктан 19 киши жабыркап, анын төртөө ооруканага жаткырылган.

Окуяны аймактык бийлик иликтеп жатканы айтылат.

573
Белгилер:
видео, көрүүчү, бука, Испания
Тема боюнча
Жаалданган бука матадор аялдын баш сөөгүн сындыра сүзгөн видео
Каарданган бука топ адамды тебелеп кетти. Индиядагы жүрөк түшүргөн видео