Сиңдисинин тоюна "динозавр" болуп келген кыз конокторду таң калтырды. Видео

434
(жаңыланган 11:59 05.09.2019)
Тойдун алдында өтө арыктап кетип, мурда алган көйнөгү чоң келип калган.

АКШда сиңдисинин тоюна динозаврдын формасын кийип келген кыз конокторду таң калтырды. Тойдо тартылган видео Facebook тармагына жарыяланды.

Кадрдан "динозавр" кыз үйдүн ичинен гүл кармап чыгып, эч нерсе болбогондой эле күйөө баланын досу менен кол кармашып салтанат өтүп жаткан жайга барган.

Кийинчерээк ал келиндин эжеси Кристина Мидор экени белгилүү болду. Кеченин күнөөкөрү ага каалагандай кийинип келишине уруксат бергенин айткан. Мындан улам ал өзгөчө костюму менен конокторго жакшы маанай тартуулагысы келген. Дагы бир себеби катары тойдун алдында өтө арыктап кетип, мурда алган көйнөгү чоң келип калганын атаган. Мындан улам бир күнгө кийүү үчүн башкасын алууга акчасы жетпей, сиңдисинин макулдугу менен динозаврдын формасын сатып алган.

Муну коноктордун баары эле тамаша катары кабыл алган жок, эки жашты сыйлабагандык катары сыпаттагандар да болду.

Аягында колуктунун эжеси өзгөчө кийимин чечкен.

434
Белгилер:
кыз, кийим, динозавр, той, үлпөт, АКШ
Тема боюнча
Казакстандын 82 жаштагы эл артисти өзүнөн 45 жаш кичүү аялга үйлөндү. Видео
Казакстанда жубайлар тоюна тик учак менен келип, учкучу жазаланды. Видео