Нурмагомедовдон утулган Порье ыйлап жиберди. Беттештен кийинки видео

4927
(жаңыланган 11:43 09.09.2019)
Ринг-анонсер россиялык Хабиб Нурмагомедов америкалык Дастин Порьени утканын жарыялап, андан соң мушкерлерге сөз берди.

Спортчулардын кармашы 8-августка караган түнү Абу-Даби шаарындагы UFC 242 турниринин алкагында өттү. Видео YouTube каналына жарыяланды.

Мелдештин үчүнчү раундунда Нурмагомедов Порьени муунтуу ыкмасы менен жеңип, чемпиондук наамын сактап калды.

"Жашоодо мага ушундай жакшы нерселер берилип жатканы үчүн Кудайга ыраазымын. Атаандашым менен беттешке чейин сый мамиледе болдум. Буга чейинки мелдешимде жагымсыз нерселер (кеп Конор Макгрегор тууралуу болууда) көп болду. Мен ал нерсенин бардыгын унуткум келди. Биз аралаш мушташта сый болуу керек дегенди көрсөттүк. ММА — бири-бириңе басынткан сөздөрдү айтуу эмес. Дастин Порье менен ушуну тастыктай алдык", — деген Нурмагомедов.

Порье сүйлөп жатып жашын тыя алган эмес.

"Ишеничимди актай алган жокмун. Бул беттеш үчүн көп нерсе кылдым деп ойлойм. Даярдыгым күч эле. Жашоодогу кыйынчылыктар мени сабырдуу болууга жана шүгүр кылууга үйрөткөн. Алдыда көп мүмкүнчүлүктөрүм бар", — деген Порье.

Нурмагомедов алгачкы жолу чемпиондук курга 2018-жылы америкалык Эл Яквинтаны уткандан кийин ээ болгон. Ошол эле жылдын 6-октябрында ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип, наамын коргоп калган. Беттештен кийинки чыр-чатактан соң тогуз айга дисквалификацияланган. Нурмагомедов карьерасында 28 беттешти утуп, бир да ирет жеңилген эмес.

Ал эми атаандашы Дастин Порье UFC уюмунун 70 килограмм салмактагы спортчулары арасында утурумдук чемпион болчу. Наамды быйыл Макс Холлоуэйди уткандан кийин алган. ММА боюнча 25 беттешти утуп, алты ирет жеңилген.

4927
Тема боюнча
Хабиб Нурмагомедов бөтөлкө челленджине элден башкача катышты. Видео
Хабиб атаандашын муунтуп, чемпион бойдон калды. Видео
UFC чемпиону Вейли Жанг Шевченкого чакырык таштады. Мушкердин жообу