Женнифер Лопес балкондон кулап кете жаздады. Видео

1521
(жаңыланган 11:05 10.09.2019)
Жылдыз балкондон күйөрмандарына кол булгалап жатып, кулап кете жаздады. Бул ирмемдерди күбө видеого тартып алган.

Америкалык ырчы жана актриса Женнифер Лопес өзү катышкан "Стриптиз бийчилери" тасмасынын бет ачарында балкондо туруп элге кол булгалап жатып, аз жерден кулап кете жаздады. Бул тууралуу Sputnik International жазды.

Окуя Торонто шаарындагы эл аралык кинофестиваль учурунда болду.

Кадрларда көрүнүп тургандай, ырчы ордунан туруп, күйөрмандары менен учурашып жатып чалынып кетет. Бирок балкондун четин кармап калууга үлгүрөт. Көз ирмемден кийин ал түздөнүп тура калып, кайрадан элди карайт.

Видеонун алдына "коопсуздук үчүн уюштуруучулар балкондун кармоочторун бийигирээк кылып койсо болмок" деген пикирлер жазылды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
1521
Белгилер:
балкон, Женнифер Лопес, Канада
Тема боюнча
Instagram жарылып кетейин деди. Малаховдун Димаштан кечирим сураган видеосу

Милициянын Кочкор-Атада кылмыштуу топтун 11 мүчөсүн кармаган видеосу

316
(жаңыланган 15:07 26.05.2020)
Жалал-Абад облустук ИИБдин жана Ноокен райондук милициясынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү УКМКнын аймактык кызматкерлери менен биргеликте Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринен уюшкан кылмыштуу топтун 11 мүчөсүн кармаган.

Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта алардын Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында криминалдык чөйрөдөгү "авторитеттердин" жыйынына чогулган учурда колго түшүрүлгөнү айтылат.

Алардын ичинен эки адамдын үстүнөн 19-мартта башка жарандан арыз түшкөн. Арызданган киши опузалап акча талап кылуу фактысы болгонун айтып, чара көрүүнү суранып кайрылган. Ал иш боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 203-беренесинин негизинде ("Опузалап талап кылуу") сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөө иштери алардын ким экендигин тактап чыккан. Бири Базар-Коргон районунун 26 жаштагы Ж. у М. аттуу тургуну экени, анын мурда бир нече ирет соттолгону аныкталган. Буга кошумча, кылмыштуу топтун ишин колдоп, аталган аймакта "положенец" болуп шайлангандыгы такталган.

Экинчиси, З.И. да аталган райондун жашоочусу болуп чыккан.

"Аталган кылмыш иши боюнча шектүү Ж. у М. өзүнүн жүргөн жерин жашырып, жашаган жерин өзгөртүп тергөөгө келбей, тоскоолдук жаратып качып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Орган кызматкерлери аларды өздөрүнүн тобунун жыйынына келгенде колго түшүрүүнү чечкен.

Кочкор-Ата шаарындагы Ош — Бишкек автожолунун боюнда жайгашкан ашканалардын биринде аталган жыйын учурунда Ж. у М. жана З.И. кармалган. Алар менен кошо ошол жыйынга келген ыкчам кызыкчылык жараткан 9 (тогуз) атуул Жалал-Абад облустук милициясына жеткирилип, аты-жөнү такталып, манжа издери алынып, түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп кайра коё берилген.

Маалыматта алардын да мурда соттолуп, учурда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катарында ИИМдин каттоосунда тургандар экени айтылды. Кармалгандардын эң улуусу 56, кичүүсү 25 жашта болуп чыкты.

Ал эми жогорудагы айтылган эки шектүү жаран кармалган ошол эле күнү, 22-майда, Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бирок эки күн өтпөй Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясы аларды үй камагына чыгарып жиберген.

"24-май күнү Жазык кодексинин 203-беренесинин ("Опузалап талап кылуу") негизинде тергелип жаткан шектүүлөр Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясы тарабынан үй камагына чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери улантылып жатканы белгиленди.

316
Белгилер:
тергөө, кармоо, опузалоо, топ, киберкылмыштуулук, Жалал-Абад, Кыргызстан
Тема боюнча
ИИМ: кыргызстандыктар менен бирге Европага героин ташыган чет элдиктер кармалды
Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы "Чач" кармалды. Видео

Иранда иттерди COVID-19ду аныктоого үйрөтүшүүдө. Кызыктуу видео

121
(жаңыланган 11:11 26.05.2020)
COVID-19 вирусун күчүктөр да аныктай алабы? Тегеран шаарындагы иттерди үйрөткөн борбордун кызматкерлери бул ыкманы текшерип көрүшкөн. Эксперименттин видеосу Sputnik агенттигинин YouTube каналына чыкты.

Экспериментке ургаачы, эркегине жана түрүнө карабай бардык иттер катышкан. Мындай жол менен окумуштуулар кайсы жаныбардын майнаптуу иштээрин байкашмакчы.

Ит үйрөткөн кызматкерлердин айтымында, бул жандыктар вирусту 65 пайыз так аныктай алышат. Бир саатта бир күчүк 250-300 адамды текшерип коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

121
Белгилер:
эксперимент, коронавирус, ит, Иран
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дун экинчи толкуну кандай болот? Дарыгерлердин божомолу
Замеры атмосферного воздуха на пересечении улиц Бейшеналиева и Киевской в Бишкеке

Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлар иштей баштады. Тизме

0
Шаардын көчөлөрүнөн унаа токтотуучу жайларды, биринчиден, белгиге карап билсе болот. Экинчиден, ал жактарда кызгылт сары түстөгү атайын кийим кийген кызматкерлер турат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Борбор калаада муниципалдык унаа токтотуучу жайлар иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, коронавирустун айынан киргизилген карантинден улам кызматкерлер үйдө болуп, убактылуу унаа токтотуучу жайларга акы алынбай эле турган.

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын тизмеси:

Ош базарынын айланасы

  • Бейшеналиев көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Кулиев көчөсүнүн Токтогулдан Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Токтогул көчөсүнүн Жаш гвардия бульварынан "Ала-Арча" суусуна чейинки бөлүгү;
  • Киев көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Павлов көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Орто-Сай базары

  • Суеркулов көчөсүнүн Жукеев-Пудовкинден Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Юнусалиев көчөсүнүн Суеркуловдон Безымянный көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянныйдан Суеркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

"Эски толчок" базары

  • Орозбеков көчөсүнүн Фере көчөсүнөн Можайский кууш жолуна чейинки бөлүгү;

"Комфорт" базары

  • Ибраимов көчөсүнүн Москвадан Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Кулатов көчөсүнүн Ибраимовдон Матросов көчөсүнө чейинки бөлүгү (Май-сыр базасы);
  • Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Огомбаев көчөсүнүн Гоголдон Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

"Сары-Өзөн" базары

  • Клубный кууш жолу.

"Бул жерлерде "унаа токтотууга болот" деген белгилер бар. Мындан тышкары кызматкерлерибиз атайын тигилген кызгылт сары түстөгү "Бишкектин унаа токтотуучу жайлары" деген жазуусу бар кийимчен болушат. Ошондой эле бейджик тагынып, акы төлөгөндүгү тууралуу талон беришет. Талондун баасы турган убактысына карабай 25 сом", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 25-майдан тарта борбор калаада бардык базарлар иштей баштаган.

0
Белгилер:
көчө, белги, унаа токтотуучу жай, Бишкек