"Бизди кой деп аташууда". Депутат Рыспаевдин ызаланган видеосу

1372
(жаңыланган 14:58 12.09.2019)
Депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңеште элита отурганын бүгүн дагы бир жолу белгилеп өттү. Ошондой эле ал парламентарийлерди "кой" деп ачык эле айтып жатышканына ызаланып, буга чара көрүү керектигин билдирди.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кожобек Рыспаев акыркы кезде профсоюздардын айланасында болуп жаткан иштер тууралуу маселе көтөрдү. Эл өкүлү профсоюздар алар тууралуу мыйзам жазып жаткан депутаттардын кабинеттерине чейин кирип келип, ортого тааныш-билиштерин салып жатканына нааразы.

"Профсоюз деген бизде монстр чыкты. Мыйзам жазып жатсак депутаттардын кабинеттерин кыдырып жүрүшөт. Менин колумда ушундай чакырыктар бар. Койлор деп жатышат. Ачык эле телефон номерлерин коюп жазып жатат. "Кутман таң, жакында ушундай койлорду шайлайбыз. Профсоюздар жөнүндө жаңы мыйзам жазып жаткандарды жоготуш керек. Ошолордун 2020-жылкы шайлоодогу тизмеде болбошуна аракет кылыш керек. Бул биздин колдон келет, биз жеңебиз" деп жатат", — деп депутат тарап жаткан чакырыкты жалпы жыйында окуп берди.

Мындан улам аларга чара көрүү керектигин айтып, вице-спикер Мирлан Бакировго кайрылды.

"Мен бир жолу "чимкирик" деген сөзгө "элитабыз" деп койсом эмне деген асылуу болду. Чын эле айтам, бул жерде кимдер отурат? Бири-бирибизди карап, колдоп, мындайларга бөгөт коюш керек. Телефон номерлеринен бери калтырып ачык жазып жаткандарды берип коёюн. Эми профсоюздар жөнүндө мыйзамды колдоп өткөрбөсөк биз коомчулукка шылдың болобуз", — деди депутат.

Ал ортодо профсоюздар мамлекеттин мүлкүнүн баарын сатып жатканын сындап, бул боюнча өкмөткө тапшырма берүү керектигин кошумчалады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
1372
Белгилер:
профсоюз, кой, депутат, Кожобек Рыспаев
Тема боюнча
Бир кыз өлгөн. Кожобек Рыспаев 20 жыл мурун кабылган авариянын чоо-жайын айтты
"Биз чимкирик эмес, кыргыз элинин элитасыбыз!" Депутат Рыспаев ачууланганда

Спецназ маркум Рысбек Акматбаевдин инисин кармады. Видео

685
Спецназ кримавторитет, маркум Рысбек Акматбаевдин жакын тууганын колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Министрлик жаранды кармоо учурунун видеосун жарыялады. Кадрдан шектүүнүн колуна кишен салып жатканын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн А.Р. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Жаран алдамчылык сыяктуу бир катар кылмыштарга шектелип, ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

ИИМден билдиришкендей, 2016-жылдын жаз айларында шектүү Бишкек шаарынан жарандардын биринин ишенимине кирүү менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын алып, сатып жиберген. Унаа ээсинин чыгымы төрт миң доллар деп бааланган. Бул окуядан кийин шектүүгө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Эми ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Рысбек Акматбаев 2006-жылы киши колдуу болгон. Аны мечиттин алдынан бет капчан кишилер атып кетишкен. Окуя Көк-Жар айылында болгон. Ага чейин Акматбаев адам өлтүрүүгө шектелип, бирок акталган. Ал шайлоодо Жогорку Кеңешке өтүп, бирок мандат алууга жетишпей калган. Акматбаевдин өлүмү боюнча иштин бети бүгүнкү күнгө чейин ачыла элек.

685
Белгилер:
кармоо, ИИМ, кылмыш
Тема боюнча
Ишкердин соода түйүнүн тартып алмакчы болгон. УКМК шектүүлөрдү кармады

Жалындан суурулуп чыкты! Ажалы жок спортчунун видеосу

208
(жаңыланган 13:43 30.11.2020)
Катуу ылдамдык менен жарышка түшкөн атайын автоунаа жолдун четиндеги тосмого урунуп, андан соң дароо өрттөнө баштаган. Анын ичиндеги айдоочу кандайдыр бир керемет менен аман калган.

Окуя Бахрейнде "Формула-1" жарышынын этабы өтүп жаткан учурда болгон. Рулда Ромен Грожан аттуу адам кетип бара жатканы айтылды. Кадрдан анын автоунааны башкара албай калып биринчи автокөлүктү жөөлөп өткөнүн, катуу күү менен тосмого келип урунуп, жалбырттап өрттөнө баштагандыгын көрүүгө болот.

​Окуя болору менен коопсуздук кызматкерлери жана медиктер жетип келип, өрттү өчүрө баштаган. Ал эми спортчу алоолонгон жалындын ичинен көз ирмемде суурулуп чыгып, жерде тургандар аны жөлөп-таяп ары алып кетишкен. Маалыматта Грожандын колу жана таманы анча көп эмес күйүк алганы айтылган.

208
Белгилер:
кырсык, жалыныч, жарыш, Формула-1, Бахрейн
Тема боюнча
Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмеси учурунда

Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү

0
(жаңыланган 22:31 30.11.2020)
Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүктөрдүн үзгүлтүксүз ташылышына шарттарды түзүү жана көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмесинде айткандыгын маалымат кызматы билдирди.

Жыйын видеоконференция форматында өткөн.

"Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууда "жашыл коридор" механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу автотранспорттордун кирип-чыгуу тартибин, процедурасын жөнөкөйлөштүрүүнү кароону сунуштайт", — деген Новиков.

Мындан тышкары, премьердин милдетин аткаруучу санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Бул ШКУ өлкөлөрүнүн экономикасынын жогорулашына жана уюм алкагындагы толук кандуу санариптик күн тартипти ишке ашырууда кошумча түрткү болуп бере аларын айткан.

Новиков сөзүн жыйынтыктап жатып, кыйын кырдаалда өз ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берерин айткан.

"Учурдагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктуулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними", — деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

0
Белгилер:
жыйын, Артем Новиков, ШКУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин: бүгүнкү ШКУ саммитинде өтө маанилүү документтерге кол коюлат
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты