Бир жылга жетпей бузула баштаган Бишкектин жаңы жолдору. Видео

Жазылуу
Өткөн жылы борбор калаада 50гө жакын көчөнүн жолу оңдолуп, пайдаланууга берилген. Ага негизинен Кытай бөлгөн гранттык каражат жумшалган. Ошол жаңы жасалган жолдордун абалын Sputnik Кыргызстан агенттиги текшерип көрдү.

Бишкек мэриясы Кытайдын жол салуу корпорациясы менен калаага 2017-2018-жылдар аралыгында 49 жол жана 6 көпүрө салууну макулдашкан. Ага кытай тарап 478 миллион юань (74,2 миллион доллар) грант берген. Жаңы жолдор менен көпүрөлөрдүн көпчүлүгүн кытайлык China Road and Bridge Corporation компаниясы жасаган. Анткени келишимде ошондой талаптар болгон.

Sputnik кабарчысы борбор калаадагы Шералиев, Күйүкова, Тыналиев, Ахунбаев, Малдыбаев, Токтоналиев, Лев Толстой, Мурманск, Салтанат, Садыгалиев, Кустанай, Профсоюз, Баялинов, Щербаков, Тоголок Молдо, Орозбеков, Осмонкул, Төрөкул Айтматов, Мамбетов, Лермонтов, Достоевский көчөлөрүнүн оңдолгон тилкелерин текшерген.

Колдонууга берилген жолдорду жеринен текшергенде бир катар кемчиликтерди байкоого болот. Миллиондор сарпталган көчөлөрдүн асфальты чөгүп, бир жылдын ичинде эле аң-чөнөк пайда болуп, айрым көчөлөрдө иш толугу менен бүткөн эмес.

Мүчүлүштүктөр аз эместигин мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы да моюнга алат. Мекеменин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев текшерүүлөр жүргүзүлүп, жолду оңдогондорго эскертүү берилгенин белгиледи.

"Комиссия май айында ал жолдорду текшерип, мүчүлүштүктөрдү аныктап эскертүү бергенбиз, алар кемчиликтерин эки жылдын ичинде оңдоп чыгат. Негизи жаңы жолдордун абалы жакшы эле, кээде суу түтүктөрү жарылып, асфальтка таасирин тийгизип калып жатат. Анткени алардын да эскилиги жетип калган экен. Эми ал тилкелерди жакынкы айларда да кайра текшеребиз", — деди Уезбаев.

Федеральная трасса А-156 в Карачаево-Черкесии - Sputnik Кыргызстан
Айланма жолго акы алуу. Министрлик сунуштаган долбоордун чоо-жайы
"Борбордук көчөлөрдү калыбына келтирүү" долбоорунун экинчи фазасы (278 миллион юань — 39 миллион доллардан ашыгыраак) 2019-2020-жылдары жүргүзүлөт. Ага калаадагы дагы 60 көчө оңдолот, анын арасында совет мезгилинен бери каралбай калган жолдор да бар.

Эске сала кетсек, бир жылга жетпей бузулган жогорудагы жолдорду калаа бийлиги эки жылдан кийин өзүнүн карамагына өткөрүп алат. Sputnik Кыргызстан агенттиги оңдоп-түзөө иштерине көз салып турмакчы.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0