Кудум жомоктогу ажыдаардай. Суу түбүн байырлаган жети кучак жыландын видеосу

Жазылуу
Бразилияда аквалангисттер Формоза дарыясын изилдеп жатып, капыстан эң чоң анакондага кабылгандыгы маалымдалды.

Кичинекей кыздын жыландын жанына отуруп, крокодилдин тишин тазалап жаткан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей кыздын жыландын жанына отуруп, крокодилдин тишин тазалап жаткан видеосу
Адистер суу түбүнөн тартып алган видеосун YouТube каналына жарыялаган.

Кооптуулук күч болгондугуна карабай, аквалангисттер жыланга жакын барып тартышкан.

Кадрдан суу түбүн байырлаган бул ири жылан эч кимге тийбей, кол салбай өзүнчө сүзүп жүргөнүн көрүүгө болот. Ал тургай камерага жакын келип, эки ача тилин соймоңдотуп, аны татып көрүүгө аракет кылгандай.

"Анакондага жакын жүргөнүм баары бир сыяктуу сезилди. Мага караганда менин камерама көбүрөөк кызыкты окшойт", — деген дайверлердин бири.

Алардын айтымына караганда, жыландын узундугу жети метрден кем эмес.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0