Казакстанда миң аял кымыз бышып, рекорд коюшту. Видео

Жазылуу
Улуттук суусундуктун бири кымызды бышуу боюнча акция Караганды облусундагы Жаңы-Арка деп аталган жайда болду.

Казакстанда миң адам 10 миң литр кымыз бышып Гиннестин рекорддор китебине катталуу ниетин билдиришкенин Sputnik Казакстан жазды.

Иш-чара Жаңы-Арка районунун 90 жылдыгына арналган.

Аялдар челекке куюлган кымызды бышкан. 

© Sputnik / Анастасия БагроваКазакстанда миң адам 10 миң литр кымыз бышып Гиннестин рекорддор китебине катталуу ниетин билдиришкен
Казакстанда миң аял кымыз бышып, рекорд коюшту. Видео - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда миң адам 10 миң литр кымыз бышып Гиннестин рекорддор китебине катталуу ниетин билдиришкен

Иш-чарага катышкандардын бири кымыз таттуу жана даамдуу болуш үчүн 50дөн баштап 200гө чейин бышуу керектигин айтып берген.

"Рекордду Гиннестин өкүлү Юделькис Диас каттады. Ал Кубадан Казакстанга чейин 18 сааттык жолду басып келди. Иш-чара бүткөндөн кийин кымыз менен боорсоктун даамын татып көрдү", — деп жазылат маалыматта.

Диастын айтымында, бул рекорддун критерийи — кымыздын көлөмү менен аны бир учурда бышкан катышуучулардын саны болгон.

"Райондун жетекчилигине рекорд коюлганы туурасында расмий сертификат тапшырылды", — деп жазды агенттик.

Кымыз кантип жасалат жана анын пайдасы туурасында Sputnik Кыргызстан жасаган инфографика менен жакындан таанышсаңыз болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0