Күнөскана иштетип окуучуларга тамак жасап берген Таластагы өзгөчө мектеп. Видео

Жазылуу
Окуучуларга ысык тамак даярдоочу заманбап жабдууларды Россия өкмөтү сатып берген. Анын ичинде суу кайнаткычтар, духовкалар, электр плитасы сыяктуу ашканага керектүү буюмдар бар.

Анарбек Мадымаров атындагы мектеп - Таластагы өзгөчө мектептердин бири. Ал Кара-Буура районунун Бакайыр айылында жайгашкан.

Бул мектептин өзүнүн эки гектар жери бар.

Строительство канала в Ак-Чийском айыл окмоту - Sputnik Кыргызстан
Таласта сугат каналын курган жакыр үй-бүлөлөр ун, май менен камсыздалууда
Ага мугалимдер, ата-энелер жемиштердин төрт-беш түрүн өстүрүп, окуучуларга тамак-аш камдашат. Андан ашканын сатып башка азык-түлүк  аларын айтышты.

Ошондой эле мектептин алдына күнөскана куруп бадыраң, помидор өстүрүүдө. Бул билим берүү мекемеси менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Андреа Баньоли келип таанышып кетти.

Мектеп директору Зейнеп Бабашова туура тамактануу эрежелерин карманып, балдарга жашылча-жемиш көбүрөөк берилип жатканын билдирди.

"Биздин мектепте жалпысынан 499 бала билим алат. Анын ичинен 195и, башкача айтканда, 1-4-класстар ысык тамак ичишет. Окуучулар ысык тамак менен толук камсыздалышына ата-энелер да жардам көрсөтүп, ар бир бала үчүн айына 150 сомдон беришет", — деди директор.

Окуучуларга ысык тамак даярдоочу заманбап жабдууларды Россия өкмөтү сатып берген. Анын ичинде суу кайнаткычтар, духовкалар, электр плита сыяктуу ашканага керектүү буюмдар бар.

Окуу жай — БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын окуучуларды тамак-аш менен камсыздоо долбоорунун пилоттук мектеби.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0