Абжапаров: айылдаштарым "Путин аке" деп чакырышат, өз атымды унутуп коюшкан

Жазылуу
Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн Сафаровка айылынын жашоочусу 34 жаштагы Медетбек Абжапаровго айылдаштары "Путин аке" деп кайрылышат. Анын өз аты ким экендигин да унутуп коюшкан.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы Медетбек Абжапаров менен жолугуп, анын жашоосу, балалыгы менен таанышып келди. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваМедетбек Абжапаров Россиянын президенти Владимир Путинге окшоштугун 7-класста билген.
Абжапаров: айылдаштарым Путин аке деп чакырышат, өз атымды унутуп коюшкан - Sputnik Кыргызстан
Медетбек Абжапаров Россиянын президенти Владимир Путинге окшоштугун 7-класста билген.

Мектепте "жансакчыларым" бар болчу

Абжапаров учурда Сафаровка айылында жашайт. Жубайы Шайыргүл экөө үч баланы тарбиялап өстүрүүдө.

Ал өзүнүн сырткы келбети Россиянын президенти Владимир Путинге окшоштугун 7-класста билген. Себеби ошол жылдары Путин президентикке шайланган.

"Классташтарым мени ал кишиге окшоштурушуп, мектепте окуп жүргөн мезгилде эки досум эки жагымда жандап басып жансакчынын ролун ойноп, көп тамашалашчу. Мени өз атымдан эмес, "Путин" деп чакырышчу. Эми айылдаштарымдын баары "Путин" дешет. Өз атымдын ким экенин билбей да калышты", — дейт Медетбек Абжапаров.

Ал орто мектепти аяктагандан кийин 2004-жылдары Россиянын Красноярск шаарына иштөө үчүн барган.

Ал жакта да жергиликтүүлөр — орус улутунун өкүлдөрү Медетбектин сырткы келбетине таң калып, ага Путин менен жолугууну сунушташкан.

Кыргыз Жеки Чаны жана Рассел Кроу — белгилүү жылдыздардын "түгөйлөрү" Бишкекте
"Красноярск, Санкт-Петербург шаарларындагы чогуу иштеген досторум мени спорттук кийим кийбей, кара жумушту таштап, тескерисинче костюм-шым кийип, жетекчилик кызматтарда иштешиң керек деп тамаша-чыны аралаш кеңеш беришчү. Же болбосо Москва шаарында Кызыл аянтта акы алып, сүрөткө түшүүнү сунушташчу. Дегеле кайда барбайын, менин келбетим, бет түзүлүшүм белгилүү саясатчыга окшош болгондуктан, элдин көңүл борборундамын", — деп күлдү ал.

Медетбек белгилүү саясатчыга окшош болгону менен жашоодо жөнөкөй жигит экендигин, саясатка такыр кызыкпай тургандыгын айтат.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваАбжалиев: айылдаштарымдын баары "Путин" дешет. Өз атымдын ким экенин билбей да калышты
Абжапаров: айылдаштарым Путин аке деп чакырышат, өз атымды унутуп коюшкан - Sputnik Кыргызстан
Абжалиев: айылдаштарымдын баары "Путин" дешет. Өз атымдын ким экенин билбей да калышты

"Кээде Путинге окшоп, ошондой даражадагы лидер же Кыргызстандын президенти болсом кантет элем деп кетем. Бирок бул ойлор менин кыяламда гана жашайт. Аны ишке ашырууга аракет деле кылбайм. Себеби саясаттан такыр алысмын. Өзүм жөнөкөй үй-бүлөдө туулуп-өскөндүктөн жөнөкөйлүк мени ушул жашыма чейин коштоп келе жатат", — дейт Абжапаров.

Биздин каарман үч жылдан бери трактор айдап, элдин чөбүн жыйнап жана таңгактоо менен алектенет. Ал бул иштен чарчабастыгын, тескерисинче, жасаган жумушунан ырахат ала тургандыгын кошумчалады.

Жайкысын трактор таңкыс болгон тоолуу райондордо чөп орот. Ага бир тууган иниси жардам берет. Атасы Курманбек, бир туугандары, баары жай айларында талаада күн кечирип, кышкысын кочкор, бука багышат.

"Кышында айрым учурларда үйдө бош жатпай, Жалал-Абад шаарына эл ташып иштейм. Тобу менен турган таксисттер "Путин аке келди, сиз кезексиз эле кете бериңиз" деп сыйлашып, кардарларын менин унаама отургузушат. Жалал-Абад, Ош шаарларында жүрсөм көчөдөн ары-бери өткөндөр таң калып карашып, "сен кыргызсыңбы, кыргызча билесиңби" деп сурашат", — дейт ал. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваАбжалиев үч жылдан бери трактор айдап, элдин чөбүн жыйнап жана таңгактоо менен алектенет. Жайкысын трактор таңкыс болгон тоолуу райондордо чөп орот. Ага бир тууган иниси жардам берет. Атасы Курманбек, бир туугандары, баары жай айларында талаада күн кечирип, кышкысын кочкор, бука багышат.
Абжапаров: айылдаштарым Путин аке деп чакырышат, өз атымды унутуп коюшкан - Sputnik Кыргызстан
Абжалиев үч жылдан бери трактор айдап, элдин чөбүн жыйнап жана таңгактоо менен алектенет. Жайкысын трактор таңкыс болгон тоолуу райондордо чөп орот. Ага бир тууган иниси жардам берет. Атасы Курманбек, бир туугандары, баары жай айларында талаада күн кечирип, кышкысын кочкор, бука багышат.

Путин менен жолугуп сүйлөшкүм келет

Кептин кезеги Россия лидери Путинге бурулуп кеткендигин өзүбүз да байкабай калыптырбыз.

"Өзүм да чечкиндүү жигитмин. Бир ишти баштасам, аягына чыгара алам. Кээде ал киши (Путин — ред.) менен жолугуп сүйлөшкүм келет. Эгерде мүмкүнчүлүгүм болсо, жолугуп, ага "сиздей адам болгум келет" деп айтмакмын", — деди Медетбек.

Празднование дня государственного флага Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
ТОП-5. Аты-жөнү окшош белгилүү кыргызстандыктар
Ал балдарынын улуусу 10 жаштагы Байханды өзүнө окшоштурат.

Кыргыздын уулу болуп төрөлүп, бирок сырткы келбети россиялык белгилүү саясатчыга куюп койгондой, жада калса бетиндеги меңи (калы) да окшоштугуна өзү да таң калат. Медетбек үй-бүлөдө беш бир туугандын экинчиси. Энеси Мира Абжапарова менен атасы Курманбек Абжапаровдун үч уул, эки кызы бар.

Жашоодо жер кыдырууну жактырган Медетбек достору менен биргеликте жакында эле Финляндия мамлекетине саякаттап келген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0