Элчи мындай пикирин 20-сентябрда Россиянын жардамы менен ишке ашкан "мектеп тамактандыруусун оптималдаштыруу" долбоору менен таанышуу үчүн Таласка барганда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Спорттун бардык түрү жагат. Анын ичинен мага көк бөрү өзүнүн болуп көрбөгөндөй энергетикасы менен өзгөчө таасир берет, бирок аябай коркунучтуу болот. Чынын айтсам, бул спорт кан-жанын аябай ойногон чыныгы күчтүү адамдар үчүн", — деди элчи.
Ошондой эле ал эгер мүмкүнчүлүк болсо өзү да көк бөрү ойноп көрөрүн белгиледи."Аракет кылып ойноп көрүш керек, бирок жанымда даярдыгы жакшы адамдар карап турушу зарыл.
Анткени дароо эле мелдешке чыгып кетүү кыйын. Ал үчүн даярдык керек. Ал эми көргөнү жан дилим менен барам", — дели Удовиченко.
Россиянын элчиси эртең "Манас Ордодо" өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарын көрүүгө барарын кошумчалады.
Уюштуруучулар Акматалиевдин эркин күрөш боюнча спортчулардын арасынан ыкмаларды эң мыкты аткарганын айтышты.
65 килограмм салмакта күч сынашкан Акматалиев жарым финалда өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу Ильяс Бекбулатов менен кармашты. Кыргыз балбаны 8:0 эсебинде утулуп жатканына карабай аракетин улантып, адегенде эки, анан төрт упайлык ыкма жасап, анын артынан эле атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишке жеткен.Ал эми чейрек финалда түркмөн атлети Керим Ходжаковду 5:1 эсебинде жеңип алган.
Пекин бул жалгыз эле Кытайдын эмес, жалпы дүйнө коомчулугунун пикири экенин билдирди. Ошону менен катар Россия менен Американы бири-бирин чектөөлөр менен кыйнай бербей, сөзгө келүүгө чакырды. Россия ТИМи Вашингтонго кандай жооп берерин да билдирди. АКШнын санкциялык тизмесине кирбеш үчүн "кимге иштеш" керек? Байден Путинге жайында жолугуп эмне тууралуу сүйлөшмөкчү?
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өткөн жылы оору менен кырсыктан өзүн камсыздандырган кыргызстандыктарга 14,2 миллион сом берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Улуттук статистика комитети келишим түзгөндөрдүн 858и ар кандай учурга туш келип, 14,2 миллион сом алганын айтты.