Көздөрүн жалдыратып, энтигип... Бычакты тиктеген тюлендин видеосу

Жазылуу
Акыркы учурда Каспий деңизинин аймагында тюлендердин өлүп калган учурлары катталууда. Буга негизги себеп – балыкчылардын тору экени маалым.

Акыркы 100 жылда Каспий тюлендери кескин азайып кетип, учурда тукуму курут болуу алдында тургандыгын адистер айтып келет.

Как выглядит самый маленький бык в мире - Sputnik Кыргызстан
Иттей эле экен. Гиннеске кирген дүйнөдөгү эң кичине буканын видеосу
Алардын негизги себептеринин бири — адамдардын экологияга болгон терс мамилеси. Жаныбарлар деңизге таштаган торлорго түшүп калгандан кийин адамдын жардамысыз бошоно албасы турган иш. Андыктан тюлендер үчүн бул жиптер ажалдын тору болууда.

Интернет айдыңында ушундай видео тарады.

Видеодон адам жаныбарга жардамга келип, торду бычак менен кесип, көздөрүн жалдыраткан тюленди бошотуп жаткан учурду көрүүгө болот.

Бул окуя Казакстанда Каспий деңизинин акваториясында болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0