Айдоочулар жаңы жылды эртелеп эле "тосушту". Адаттан тыш окуянын видеосу

Жазылуу
Пиротехника ташып бараткан жүк ташуучу автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким олуттуу жаракат алган эмес.

Россиянын Хабаровск крайындагы Комсомольск-на-Амуре шаарына жакын жерде пиротехника ташып бараткан жүк ташуучу автоунаа күйүп кеткенин РИА Новости агенттиги жазды.

Праздничный салют в честь празднования Дня независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Керемет! Бишкектеги майрамдык салюттун асмандан көрүнүшү
Окуяга күбө болгон айдоочулардын бири күйүп жаткан автоунаадан атылган фейерверкти видеого тартып алган.

Чыккан өрттөн эч ким олуттуу жаракат алган эмес, бирок автоунаа толугу менен күйүп, тилсиз жоо жүз чарчы метрге жайылган.

Айдоочунун айтымында, ал жүктү жеткирип алуу үчүн автоунааны ижарага алган. Өрт эмнеден улам чыкканы такталып жатат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0