Мушкер атаандашын биринчи соккусу менен сулата чапты. Видео

11888
(жаңыланган 09:36 25.09.2019)
Британиялык мушкер Рикки Уайатт аралаш мушташтагы эң бат нокауттардын бирин жасады. Беттеш RAGED турниринин алкагында болгон.

Мушкердин Янник Мезепов менен кармашкан видеосу спорттук уюмдун Facebook-аккаунтунда жарыяланган.

Беттеш үч секунд гана созулган. Уайаттын атаандашы аны башка тебейин дегенде, мушкер жооп катары бир сокку менен сулата чапкан. Мындан улам рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон. Уайатт нокаут менен уткандардын тездиги боюнча уюмда рекорд койгону айтылат.

Ал эми UFC уюмунун тарыхындагы эң ыкчам нокаут кандай болгонун видеодон көрүңүздөр.

11888
Белгилер:
рекорд, мушкер, нокаут, турнир, ММА
Тема боюнча
20 секунд гана беттешкен UFC мушкерине күйөрмандар таштанды ыргытты. Видео