Путин Aurus, Жээнбеков Mercedes менен келип түштү. Еревандан алынган видео

488
(жаңыланган 15:00 03.10.2019)
Армениянын борборунда Жогорку евразиялык кеңештин отуруму өттү. Ага ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери, анын ичинен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты.

1-октябрда түшкө жуук мамлекет башчылары Армениянын президентинин мамлекеттик резиденциясына келип түштү. Аларды премьер-министр Никол Пашинян кабыл алды деп жазды Sputnik Армения.

Европалык экономикалык кеңештин отурумунун алдында Кыргызстан, Белоруссия, Казакстан жана Россиянын президенттери жана Армениянын өкмөт башчысы резиденциянын алдында сүрөткө түштү. Андан соң тар чөйрөдөгү жолугушууга киришти.

Ал эми кеңири форматтагы отурумга Сингапур, Иран жана Молдова президенттери катышты.

488
Белгилер:
Отурум, жолугушуу, Евразиялык экономикалык биримдик, Ереван, Армения
Тема боюнча
Сооронбай Жээнбеков Ереванга учту. Коштоп кеткендердин тизмеси

Бир айдан бери түтөп жатат! Бишкекте карьердеги өрт кантип өчүрүлүүдө. Видео

106
Дээрлик бир айдан бери калаанын түштүк тарабындагы быкшыган карьер өчүрүлбөй жатат. Күйүктүн жыты шаардын түштүк тарабын каптоодо. Sputnik Кыргызстандын кабарчылары жерине барып, шаар бийлиги көйгөйдү кантип чечип жатканын көрүп келди.

Бул көйгөйдү биринчилерден болуп шаар тургундары айтып чыкты. Алардын бири Михаил Дудиндин билдиргенине караганда, сасык жыттан улам айнекти ачып уктоого мүмкүн болбой калган.

"Түн ортосунда киши чыдагыс жыттан улам ойгондум. Ошондон кийин бир нече күн айнектерди ачкан жокпуз. Өрт өчүрүүчүлөр келип, суу чачып кетишет. Бирок бир нече саттан кийин таштанды кайра күйө баштайт", — деди Бишкек тургуну.

Баса, карьер көптөн бери иштетилбей калган. 1990-жылдардын аягында бул жерден топурак алышчу. Кийин, шаардыктардын айтымында, карьерге кайрадан топурак төгүлчү, ал эми өткөн жылдын жайынан бери таштанды ыргытылып жатат. 2020-жылдын жазынан тарта таштандыларды тобу менен алып келип төгө башташкан.

Караңгыдагы алоолонгон жалын. Бишкектеги өрттүн асмандан тартылган видеосу

Отту өчүрүү үчүн кескин чаралар көрүлө баштаганын Октябрь районунун акиминин орун басары Таалайбек Акматбаев айтат.

"Азыр жеринде бульдозер иштеп, таштандыларды көтөрүп жатат. Биз анын алдындагы оттун тутанган жерин табышыбыз керек", — деди ал.

Орун басардын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары таштанды ыргыткан адамдарга бир нече жолу айып пул салышкан. Бирок шаардыктар көнгөн адатын токтотушкан эмес.

106
Белгилер:
өрт, таштанды, карьера, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин 11-кичи районундагы быкшыган түтүн токтой элек. Видео

"Данияр, сен чынчыл адам экенсиң". Лукашенко менен Үсөновдун жолуккан видеосу

5151
(жаңыланган 13:38 12.08.2020)
10-августта Беларусь президенти Александр Лукашенко агро өнөр жай комплексинин долбоору менен таанышты. Долбоор тууралуу ага Даниил Урицкий айтып берген. Жолугушууга Кыргызстандын ТИМи реакция кылды.

Беларустун президенти Александр Лукашенко Минск облусуна барып, жогорку технологиялык агро өнөр жай толук циклдүү өндүрүшүнүн инвестициялык долбоору менен таанышты. Аны Даниил Урицкий (Данияр Үсөнов азыр өзүн ушинтип атап жүрөт) жетектеген "Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорация" жабык акционердик коому ишке ашырууда. Бул боюнча СТВ сюжет даярдаган.

Долбоор тууралуу айтып берип жаткан Урицкий алардын баасы дүйнөлүк нарктан жогору экенин айтып, "биздин дыйкандын эмгеги татыктуу бааланышы керек" деген.

Данияр Үсөнов менен Лукашенконун сүрөтү. Бишкекте ТИМ Беларусь элчисин чакыртты

Андан соң Лукашенко колун Урицкийдин ийинине коюп: "Саясат бул жерде, Данияр, бирөө гана болушу керек, ал адамдар. Мен сенин принципиалдуу, чынчыл адам экениңди, белорустарды таарынтпай турарыңды көрүп турам, анткени алар эмгекчилдик жагынан кыргыздарга окшош", - деп айтканын көрүүгө болот.

Бул жолугушуунун сүрөттөрү 10-августта эле тарап, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларусь Республикасынын элчилигинин өкүлүн чакырган. Анда кыргыз тарап КРдин мурунку премьер-министри, соттолуп издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун ээн-эркин жүрүшү боюнча түшүндүрмө талап кылган. 

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү

Курманбек Бакиевдин тушундагы акыркы өкмөт башчы кызматынан Апрель революциясынан кийин кол жууган. Үсөнөвдун өкмөтү болгону 3,5 ай иштеди. Ал апрель окуясы боюнча сыртынан соттолуп, учурда Даниил Урицкий болуп Беларуста жашайт.

5151
Белгилер:
жолугушуу, Сүрөт, Тышкы иштер министрлиги, Александр Лукашенко, Даниил Урицкий, Данияр Үсөнов
Тема боюнча
Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт
Оштогу Кайгуул милициясы. Архивдик сүрөт

ИИМ Бишкек менен Ошто Кайгуул милициясына талапкерлерди тандоодо

9
(жаңыланган 09:04 13.08.2020)
Сынактан өткөндөр Бишкекте ИИМдин академиясынын базасында, ал эми Ош шаарында ИИМдин республикалык окуу борборунун базасында үч айлык курстан окушат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларында түзүлүп жаткан Милициянын кайгуул кызматына (МКК) талапкерлерди кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган долбоордун стратегиясы жана пландары мамлекет башчынын сунушу менен жол кыймылы коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүгүн реформалоо боюнча жумушчу тобу тарабынан аныкталган.

Туристтик сезон маалындагы ИИМдин милдеттери жана байланыш телефондору

Долбоордун максаты — милиция кызматкерлерине жарандардын ишеним көрсөтүүсүн камсыздоо жана ЖКККББ менен МККнын кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу болуп саналат.

"2020-жылдын 10-августунда Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кабыл алуу боюнча сынактын 5-туру (тестирлөө) жыйынтыкталды. Анда 223 талапкер өтүп, 22 адам өтпөй калган. Ал эми 24-25-августта норматив тапшырып, андан өткөндөр 27-28-август күндөрү маектешүүгө барышат. Ош шаарынын Кайгуул милициясына 497 талапкер арыз таштаган. Анын ичинен 264ү жөнөкөй жарандар. Алар 13-августта тестирлөөдөн өтүшөт. 18-19-август күндөрү норматив тапшырып, андан өткөндөрдү комиссиянын маектешүүсү күтөт", — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, сынактарды өткөрүүнүн шарттары бардык катышуучуларга бирдей.

Бишкек шаары боюнча сынактан ийгиликтүү өткөндөр ИИМдин академиясынын базасында, ал эми Ош шаары боюнча ИИМдин республикалык окуу борборунун базасында үч айлык курстан окушат.

Окуунун жыйынтыгында Бишкек жана Ош шаарларынын Жол кайгуул кызматы башкармалыгында кызмат өтөө үчүн келишим түзүлөт.

9
Белгилер:
иш, тандоо, окуу, талапкер, милиция, ИИМ
Тема боюнча
Кайгуул милициянын унаасы айланма жолдо кырсыкка кабылды. Видео
Бишкектин Кайгуул милициясына 20 жаңы унаа берилди. Сүрөт
Ош шаарында Кайгуул милиция кызматына кабыл алуу башталды. Талаптар