Бейкапар жүргөн балыкчыларды көпүрө басып калган. Чочуткан видео

429
(жаңыланган 15:03 03.10.2019)
Байкоо үчүн орнотулган камера Тайвандын Илань уездинде болгон арка түрүндөгү көпүрөнүн кантип ураганын тартып калган. Кырсыктын кесепетинен 10го чукул адам жабыркаганы айтылды.

Окуя 1-октябрда болгонун билдирген Channel NewsAsia телеканалы видеону YouTube-каналына жарыялаган.

Тайвандын Борбордук маалымат агенттиги ошол мүнөттөрдө күйүүчү май ташыган автоунаа өтүп бара жаткандыгын айтты. Техника көпүрөнүн четине бир нече метр жетпей калып, кайра артка, сууга кулагандыгын көрүүгө болот. Окуянын кесепетинен айдоочуну кошкондо онго чукул адам ооруканага жаткырылган. Кайгуул кызматынын эки өкүлү да жарадар болгон.

429
Белгилер:
кырсык, Балыкчы, көпүрө, Тайвань
Тема боюнча
Ажалы жок экен! Ири дубалдын урандысынан аман калган аялдын видеосу

АКШ Сирияны колдоого алган Россия менен Кытайды жазаламай болду. Видео

423
АКШнын мамкатчысы Россия менен Кытай БУУдагы вето укугунан ашкере пайдаланарын айтып, жазалоо керектигин жар салды.

Аталган өлкөлөр Сирияга көрсөтүлчү гумжардам боюнча резолюцияны токтотуп койгон. Бельгия менен Германия Түркия менен Сириянын чек арасындагы эки өткөрүү пунктун калтырууну сунуштаган, бирок Москва менен Пекин буга макул болгон эмес. Россия өзүнчө долбоор иштеп чыккан.

Америкалыктар эмнеге нааразы болуп жатканын биздин видеодон көрүүгө болот.

423
Белгилер:
гуманитардык жардам, жаза, АКШ, Кытай, Россия, Сирия
Тема боюнча
АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан качан чыгарын так айтты

Баарыбыз бир кайыктабыз! Жээнбеков элге кайрылуу жасады. Видео

537
(жаңыланган 14:24 09.07.2020)
Мамлекет башчы коронавирус апааты кыргыз элине да кайгы алып келгенин айтып, илдеттен көз жумгандардын жакындарына көңүл айткан. Ошондой эле дарыланып жаткан бейтаптардын эртерээк сакайып кетүүсүн тилеген.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы коронавирус апааты кыргыз элине да кайгы алып келгенин айтып, илдеттен көз жумгандардын жакындарына көңүл айткан. Ошондой эле дарыланып жаткан бейтаптарга эртерээк сакайып кетүүнү тилеген.

"Азыр элдин саламаттыгы үчүн аёосуз күрөш болууда. Бул күрөштүн ийгилиги элдин биримдигинен көз каранды. Ынтымак, тилектештик менен ар бирибиз жарандык жоопкерчиликти бийик сезсек, бул илдетти жеңебиз. Дарыгерлерибиз өз өмүрүн тобокелге салып, көзгө көрүнбөгөн душман менен жанын аябай кармашып жатат. Алардын ак эмгегине таазим этип, терең ыраазылык билдирем. Адам өмүрү баарынан кымбат. Өлкө президенти катары мен үчүн мындан өткөн ыйык да, бийик да түшүнүк жок. Ар бир жараныбыздын саламаттыгы мамлекеттик мааниге ээ. Жооптуу аткаминерлерден элдин саламаттыгы үчүн жан үрөп иштешин талап кылып жатам. Азыркы кырдаалдагы көйгөйлөрдүн чечилиши жеке өзүмдүн, Коопсуздук кеңештин көзөмөлүндө", — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Өлкө башчы нааразылыктар ачык айтылып жатканын баса белгилеп, маселени чечүү үчүн болгон күч-аракет жумшалып жатканын кошумчалаган.

Силерге ыраазымын! Жээнбеков күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Видео

"Баарын көрүп, түшүнүп турам. Кемчиликтер аз эмес. Мен да сиздердей болуп алардын тез чечилишин каалайм. Бул 30 жылдан берки топтолгон көйгөйлөр деп актанып отурууга, күнөөлүүлөрдү издөөгө азыр убакыт жок. Ошондуктан тынбай иштеп жатабыз. Болгон аракет көрүлөт жана милдеттер аткарылат! Эл башына түшкөн азыркы оор сыноо ынтымагыбызды чыңдады. Ишкерлерибиз, ыктыярчылар, деги эле кайдыгер эмес мекендештерибиз жардам көрсөтүүдө. Ар бир жаран өз үй-бүлөсү, балдары үчүн жоопкер. Менин жоопкерчилигим — элимдин алдында. Сиздердин колдооңор менен бул кыйынчылыктарды жеңебиз. Мен сиздерге ишенем, урматтуу мекендештерим", — деп жазылган кайрылууда.

Өлкө башчы сөзүнүн соңунда тарых алдында, келечек урпактардын алдындагы жоопкерчилик, милдет бийик экенин айтып, баарына ден соолук каалап кеткен.

"Эл арасында азыр суроо көп. Алардын бири — чет элден, эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды бийликтегилер "жеп койду" деген сөз. Бул боюнча өкмөт элге ачык маалымат берүүдө. Бизде ачык коом. Элдин, мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга мен тараптан аёо жок экенин билесиздер. Ошондуктан сиздер менен биргеликте өлкөгө келген жардамды максатсыз коромжу кылдырбайбыз. Улутубуздун улуу инсаны Чынгыз Айтматов айткандай, бүгүн баарыбыз бир кайыктабыз. Руху күчтүү элбиз, элине эмгек кылчу мамлекеттик бийлик бар. Кыргыз оор күндөрдө да "жакшымын" дейт. Жакшыны оозанган элди жараткан Кудай өзү колдойт. Жараткан Кудайдын колдоосу менен, элибиздин биримдиги менен, буюрса, бул күндөрдөн да бийик абийир, ар-намыс менен өтөбүз. Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!", — деп айтылган кайрылууда.

Медициналык кызмат баарына тең болсун! Жээнбеков Суракматов менен сүйлөштү

Кыргызстанда жалпы 8 847 кишиден коронавирус табылып, 116 адам көз жумду.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышыңыздар.

537
Белгилер:
кырдаал, коронавирус, кайрылуу, президент, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Сүрөт
Жээнбеков: шалаакыларды аяй турган заман эмес!

COVID-19дун белгилери байкалган тааныш же туугандарыңыз барбы?

0
0