АКШда арстан жүргөн жерге кирип кеткен кызды полиция издеп жатат. Видео

Жазылуу
Бронск аймагындагы зоопаркка келип, арстан турган жерге кирип кеткен кызды Нью-Йорктун полициясы издеп жатат.

Анын арстандын маңдайына туруп алып, жинине тийип, кыйшаңдап бийлеп жаткан видеосу социалдык тармакка тараган. Кадрдан зоопаркка келген кыз тосмонун ары жагына өтүп алганын көрүүгө болот. Ошондой эле видеодон кызга ал жактан чыгуу керектигин айтып жаткан кишилердин үндөрү угулат.

NBC телеканалы зоопарктын коопсуздук эрежелерин бузган кыз сыртка чыгарылганын, бирок видео социалдык тармакка жайылып кеткенден кийин полиция издеп жатканын билдирди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0