Саддам Хусейн дагы ошентип ойлогон. Путиндин атомдук курал тууралуу тамашасы

Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин сөзүнөн кийин Ирактын президенти Саддам Хусейин дагы өзөктүк куралы жок эле бардык мамлекеттер менен жакшы мамиледе болсо болот деп ойлогонун айтты.

Саясатчылар "Валдай" талкуу клубунун жалпы жыйынына катышты.

Токаев жыйын учурунда Казакстан 1991-жылдан тарта Семейдеги атомдук полигону жабылгандан кийин өзөктүк куралсыздандыруунун маанилүүлүгүн айтып баштаганын белгиледи. Бирок ал 1968-жылкы өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишим иштебей жатканын белгиледи.

"Азыркы учурда өзөктүк куралга ээ болуу коопсуздукту жана өзгөчө экономикалык өнүгүү дегенди түшүндүрбөйт. Кээде өзөктүк куралы жок эле экономикага көп инвестиция тартып, дүйнө менен жакшы мамилени өнүктүрсө болот. Казакстан ушундай ыраатта иш алып барат", — деди Токаев.

Казак президентинин айткандарынан кийин Владимир Путин: "Саддам Хусейн дагы ошентип ойлогон", - деди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0