Жанды көзгө көрсөткөн бугу жана кыздын ач айкырыгы. Боорду эзген видео

Жазылуу
Американын Нью-Йорк штатындагы Саффолк графтыгында бугу сулуулук салонуна капыстан терезени талкалай сүзүп кирип, отургандардын жүрөгүн оозуна кептелткен.

Окуянын кандай болгону YouTube каналына жарыяланды.

Схватка двух медведей на трассе попала на видео. За ними наблюдал волк - Sputnik Кыргызстан
Айкырып, эки аяктап тура калып кармашып... Канададагы аюулардын видеосу
Кадрдан айнек терезенин жанындагы диванда отурган аялдын баш жагынан секирген бугу айнектин бырын-чырынын чыгара чачтарачканага күтүүсүз кирип келген. Чач кыркып жаткан кыз чакыртпай келген "коноктон" коркуп, чаңыра чуркаган.

Имараттын төр жагына күү менен келген жаныбар ошондой тездик менен полдо тайгаланып, жыгылып-туруп эшиктен чыгып кеткен. Адамдар эле эмес, өзү да чочуп калган бугу чыгып бара жатып, каалганын кашегине мүйүзү менен илинип калганга да үлгүргөн.

ABC News диванда отурган аялдын жеңил жаракат алгандыгын жазды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0