Өкмөттүк трассада унаа менен мотоцикл кагышып кетти. Видео

Жазылуу
Жол кырсыгы Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Балтагулов көчөсүнүн кесилишинде саат 17.30дар чамасында болгон.

Күбө Sputnik агенттигинин редакциясына жол кырсыктын видеосун жиберди. Кадрдан такси менен мотоцикл кагышканын көрүүгө болот.

"Мотоцикл минген киши гана жабыркаган. Тез жардам кызматы ага биринчи жардам көрсөтүүдө", — деди күбө.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кырсык болгонун тастыкташты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0