Жаткыра сүзүп... Каарданган бугунун адамдарга кол салган видеосу

Жазылуу
Американын Колорадо штатында жаалданган бугу парктагы адамдарга кол салды. Кырсыктын кесепетинен бир эркек жана аял жаракат алышкан.

Окуя Колорадо штатынын Эстес шаарында жайгашкан улуттук паркта болгон.

Жаныбар сейилдеп жүргөн адамдарды сүзгөн. Анын кесепетинен бир аял жерге кулап, кетенчиктеп кеткенин көрүүгө болот. Жанындагы эркек качып баратып, чалынып түшүп, башы менен ташка тийген.

Парктын кызматкери Брайан Берг унаасын жаныбар менен аялдын ортосуна токтотуп, жардам бергенге аракет кылган. Бугу унаага секиргени менен эч нерсе кыла албасын билип, кетип калган.

Окуядан кийин эркек киши ооруканага жеткирилген, аял медициналык жардам кереги жоктугун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0