Тазабек Икрамов күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло утуп алды. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Грузиянын борбор калаасында өткөн ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына катышкан.

Бириккен күрөш уюмунун YouTube каналына эл өкүлүнүн беттешинин видеосу жарыяланды.

Спорт залындагы ЖК депутаты Исхак Пирматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТОП-14. Төрага, муфтий, депутаттар эмне менен машыгат? Залдагы тер төккөн сүрөттөр
Ардагерлер арасындагы чемпионат ушул күндөрү Грузиянын борбор шаары Тбилиси шаарында өтүүдө. Депутат 70 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан.

Биринчи айлампада Икрамов венгриялык Золтан Шоллени, андан кийин финляндиялык Раймо Лехтону утуп алган.

Жарым финалда ирандык спортчу Азад Алимозаммадпурудан жеңилсе, үчүнчү орун үчүн болгон беттеште депутат түркиялык Орхан Тикачтан күчтүү экенин далилдеди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0