9 жаштагы көзү азиз баланын футбол ойногон видеосу

127
(жаңыланган 10:37 10.10.2019)
Майк Полли саламаттыгы жакшы эле болуп төрөлгөн, бирок алты жашка чыкканда дарыгерлер ага көзүнүн ички челинде сейрек кездешкен оору бар деген диагноз коюшат. Бир жарым жылдан кийин баланын көзү көрбөй калган. Ага карабай Майк кыялын ишке ашырууга аракет кылып жатат.

Жеткинчек футбол менен тынбай машыгып жатып угуусу жакшырган. Жеке машыктыруучусунун айтымында, Майк болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишип жатат.

Ал 13 жашка чыкканда көзү азиздердин командасында ойноого мүмкүнчүлүк алат. Азырынча Майк жакшы көргөн клубу - "Арсеналдын" оюндарына барып турат.

Жайында Майк жакшы көргөн оюнчусу Александр Ляказетт менен жолуккан. Анда жеткинчек футболчуга кийин Англиянын курама командасына ойногусу келерин айткан.

127
Белгилер:
видео, азиз, жеткинчек, футбол
Тема боюнча
Көзү азиз япониялык Ивамото кеме менен Тынч океанды багындырды

Эч ким көрө элек кадрлар. Кыргызстандын жапайы жаратылышы видеодо

316
(жаңыланган 13:22 11.08.2020)
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз жана Күрмөнтү өрөөнүнүн бийик аймактарына жыйырмадан ашык фотокапкан коюлган.

Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы филиалы 2013-жылдан бери жаратылыш койнуна орнотулган камералардын жардамы менен мониторинг жүргүзүп келет. Азыркы көрсөтүлүп жаткан кадрлар 2014-жылы тартылганы менен эч жерге жарыяланган эмес.

Ок жеп, көзү көрбөй калган илбирстин абалы айтылды. Сүрөт

Фотокапкан илбирстердин терисиндеги темгили аркылуу анын өзгөчөлүгүн аныктоого жардам берет. Бул адамдардын колунун изиндей болгон эле уникалдуулук экендигин аталган уюмдан айтышты.

316
Белгилер:
фотокапкан, илбирс, Күрмөнтү айылы, Жети-Өгүз району, Кыргызстан
Тема боюнча
Тоо текенин этин аймаган ак илбирс. Фотокапканга түшүп калган жырткыч

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

298
(жаңыланган 16:23 10.08.2020)
Көчмөндөр башка дүйнө эли сыяктуу эле коронавирустан да коркунучтуу ооруларды баштан кечирген. Деген менен биз бул тандоого коронавирусту да киргиздик.

Бүгүнкү заманбап медицинанын тушунда тарыхта ата-бабаларыбыз эпидемиялардан канчалык жапа чеккендигин көпчүлүк элестете албайт. Көчмөн урууларынын өзүнчө жашоосу, керек болсо, тоонун таза абасы да айрым учурда аларды коркунучтуу оорулардан сактай алган эмес.

Карантинден кийин кыргызстандыктар кандай өзгөрөт. Психологдордун пикири

Кара тумоо, чечек, пес оорусу, сифилис, күйдүргү, кургак учук көчмөн элин кыргынга учураткан оорулардын тизмесин толуктабаса да, дал ушул илдеттер адам өлүмүн арбыткан эпидемиялардан болгон.

Бул айтылгандар тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстандын видеосун көрүңүз.

298
Белгилер:
коронавирус, эпидемия, эл, көчмөн, Кыргызстан
Тема боюнча
Учурда өлкөдө канча адам ооруканада COVID менен күрөшүп жатат? Статистика
Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат
Президент Сооронбай Жээнбеков борбордогу эки мекеменин мисалында медицина жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөлөрү кантип санариптешип жатканы менен таанышты

Ооруканадагы электрондук кезек… Жээнбеков санариптешүүнүн жүрүшүн көрдү

11
(жаңыланган 18:11 11.08.2020)
Учурда ордо калаадагы бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, тагыраагы, 19 медициналык мекемеде электрондук жазылуу тартиби киргизилди.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков борбордогу эки мекеменин мисалында медицина жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөлөрү кантип санариптешип жатканы менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков во время ознакомления с ходом цифровизации сферы медицины и социальной защиты населения на примере ЦСМ № 8 Бишкеке
    Президент Сооронбай Жээнбеков борбордогу эки мекеменин мисалында медицина жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөлөрү кантип санариптешип жатканы менен таанышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков во время ознакомления с ходом цифровизации сферы медицины и социальной защиты населения на примере ЦСМ № 8 Бишкеке
    Бишкектеги №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Анара Шакеева мекемеде электрондук кезекке туруу системасы менен бейтаптардын электрондук амбулатордук картасы ишке киргенин айтып берген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков во время ознакомления с ходом цифровизации сферы медицины и социальной защиты населения на примере ЦСМ № 8 Бишкеке
    Ошондой эле ордо калаадагы бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, тагыраагы, 19 медициналык мекемеде электрондук жазылуу тартиби киргизилген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков во время ознакомления с ходом цифровизации сферы медицины и социальной защиты населения на примере ЦСМ № 8 Бишкеке
    Медицина кызматкерлери менен болгон баарлашууда Жээнбеков санариптештирүү мындан ары да мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп кала берерин белгилеген.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков борбордогу эки мекеменин мисалында медицина жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөлөрү кантип санариптешип жатканы менен таанышты

Ага ылайык, Бишкектеги №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Анара Шакеева мекемеде электрондук кезекке туруу системасы менен бейтаптардын электрондук амбулатордук картасы ишке киргенин айтып берген.

"Бул жарандардын жана медиктердин убактысын үнөмдөп, коридорлордо кезекке турууну кыйла кыскартууга жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ордо калаадагы бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, тагыраагы, 19 медициналык мекемеде электрондук жазылуу тартиби киргизилген.

Тааныш-билишти жоебуз! Президент кадр тандоонун жаңы ыкмасы ишке киргенин айтты

Медицина кызматкерлери менен болгон баарлашууда Жээнбеков санариптештирүү мындан ары да мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп кала берерин белгилеген.

Ушул эле күнү президент Свердлов райондук мамлекеттик администрациясына барып, "Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту" аталышындагы тутум ишке киргизилгенин көргөн.

Аталган система субсидияларды жана жөлөк пулдардын автоматташтырылган эсебин иштеп чыгып, жөлөк пул алуучулардын бирдиктүү маалыматтык базасын түзөт. Бул социалдык жөлөк пулдарды дайындоонун даректүүлүгүн жогорулатып, муктаж эместерди тизмеден чыгарууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле бюджеттик каражатты кыйла үнөмдөй турганы белгиленет.

11
Белгилер:
кезек, оорукана, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Жээнбеков: ооруканалардын курулушуна 100 млн доллар салчу адамдар бар